// //

Бала жасаганды эле билген атам менен апама айтчу сөзүм

2023.05.22, 10:27
18552

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Эмнеге чоңдор балдар үчүн баарын чече бересиңер? Эмнеге өз оюңарды бизге таңуулай бересиңер? Эмнеге силерге жакшы болгон нерсе балага да жакшы деп ойлойсуңар? Эмнеге баланы өз оюу бар адам катары кабыл албайсыңар? 

Менин балалыгымды бузган дал ушул атам менен апам. 

Классташтарым шылдыңдаганын билдиңерби? Жок! Бүрдөп кеткен шым кийгенимден уялганымды билдиңерби? Жок. Сникерс кандай шоколад экенин билгим келгенин билдиңерби? Классташтарыма тең болуш үчүн калпычыга айланганымды билдиңерби? Жок! Эжемдин кызыл кедасын пламастер менен боегонумду, жамгырда ал өчүп калып балдар шылдыңдаганын билдиңерби? Жок! 

Ата, апа силер эч нерсе билген жоксуңар. Бала жасадыңар, бирок аларды бакпадыңар. Бала жасадыңар, бирок аларга шарт түзүп бербедиңер. Бала жасадыңар, бирок жакшы тамак алып бербедиңер. Бала жасадыңар, бирок мээрим төкпөдүңөр. Бала жасадыңар, бирок тытынып иштебедиңер. Бала жасадыңар, биздин балалыкты талкаладыңар. Силер жоопкерчиликсиз адам болдуңар.

Ата, апа, балдар ушундай таш боор болот, билесиңерби? Эки бөлмөлүү үйдө 9 адам жашаганыбызды билип шылдыңдаганын билесиңерби? Бири-биринин эскисин кийип чоңоет дедиңер, бирок бизден сурап койдуңарбы? Бирөөнүн эскисин кийип чоңойгон эч бир балага жакпайт! Бир дагы жаңы кийим кийбедик.

Ата, апа мени бир кучактап койбодуңар. Окууга болгон умтулуумду билбедиңер. Тетрадь алып бербедиңер. Бирөөнүн артканын жеп, качан гумжардам келет деп жашадыңар. Өскөнгө аракет кылбадыңар. Жөн эле бирөөнү күнөөлөп коюп, бала жасап коюп жата бердиңер. 

Апа, ата мен силер менен сүйлөшкүм келген. Сабактан чуркап келип беш алганымды айткым келген. Силер менен сонун, таза үйдө жашагым келген. Силер мени окууга узатканда кол булгалагым келген. Балалыгым тартынып жүрүп өттү, ата, апа!

Силер өзгөрбөдүңөр. Силер балдарыңар үчүн эч нерсе жасап бербедиңер. "Мынча балабыз бар, жардам бергиле" деп жоопкерчиликти бирөөгө түрттүңөр. Бир дагы жолу жумуш издеп, аракет кылбадыңар.

Мен жашынып окуй бердим. Мына эми, билим алганы башка өлкөгө учуп баратам. Силерге айтсам куттуктап да койбодуңар. Аэропортто жалгыз отурам. Башкаларды узатып келишти. "Жол кире кетирип эмне кылабыз" дегенде шагым сынды. Аттиң, буларды силерге айта албайм. Силер баары бир түшүнбөйсүңөр. 

"Тилиң чыгып, чоңоюп калдыбы?" дегенсиңер. Ошондо түшүнбөй турганыңарды билдим. Атам, апам бойдон каласыңар, бирок...

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт