// //

Таятам каза болгондо апам экөөбүз бир сүрөт таап алдык

2023.05.18, 17:58
14178

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

“Сары Машка келди, Калимбү чык”, таятам мени ар дайым ушинтип тосуп алаар эле.

Кичинемде сапсары кыз болчум. Апам какыс-кукус кылып койсо, таенемдердикине кетип калчумун. Алар бизден бир көчө кийин турат. Апам кечирим сурап келмейинче, айлап жүрө берчүмүн.

Таятам менен таенемдин урушканын деги көргөн жокмун. Эсимде, бир күнү таенем катуу ооруп калды. Үйүнө барсам, таятам таенемдин башын жууп берип жатыптыр. Андан кийин тердеген кийимдерин чечип, жаңысын кийгизип, тигилерин эшикке алып чыгып жууп, жайып койду.

Апам ооруп калса атам ачууланат, “тамакты ким жасайт, таза байпак калбай калыптыр, дарыгер качан айыгысың деди”, - деп наалыйт. Байкуш апам айла жок ордунан турат. Эки башка дүйнө...

Таятам жолдон бышкан алчаны көрсө, “Калимбү жакшы көрөт”,-деп жүз аарчысына терип алат. Дүкөнгө кирип калсак, таенемдин сүйүктүү момпосуюн издейт. Таппаса кейип, сатуучу кыздан качан келээрин сурайт. Базардан кездеме көрсө, “таенең экөөңө сонун көйнөк болот”,-деп сатып алат. Суук түшкөндө, эски кийизди кыркып, таенемдин буту үшүп калбасын деп батек жасап, галошуна салып берет.

Таенем таятамды ар дайым чыкыйтып кийинтип койчу: жакасы таптаза, иштебесе да галстук тагынып жүрчү, жанына отурсаң жагымдуу жыттанат. Таятам газета окуп отуруп уктап кетсе, ойготуп албайын деп бутунун учу менен басчу.

Качан үйүнө барбайын күлүп ар нерсени сүйлөшүп отурушкан...

Кийин апамдын бакма экенин билдим. Көрсө таятам менен таенем балалуу болушпаптыр. Таенемдин бир тууган эжеси каза болуп калганда, кызын (4 жаштагы апамды) багып алышкан экен.

Таенем рак илдетине чалдыгып калды. Каралашып жанында жүрдүм. Түндө музыканын үнүнөн ойгондум. Акырын барып карасам, таятам менен таенем вальс бийлеп жатыптыр.

Бир жумадан кийин таенем каза болду. Таятам “мен сенсиз кантип жашайм”,- деп үч күн басылбай ыйлады. Төртүнчү күнү жүрөгү кармап, таенемдин аркасынын кете берди. 

Апам экөөбүз үйүн жыйнап жатып, таятамдын кичинекей шкатулкасын таап алдык. Ачсам, ичинде таенем экөөнүн мотоциклге отуруп түшкөн сүрөтү бар экен. Артында таятамдын кол жазмасы: “Калимбү сага болгон сүйүүм түбөлүк...”

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт