// //

Аялым башка эркекти сүйүү толгон көздөрү менен караганда күнөөмдү сездим

2023.05.17, 18:14
14027

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды!

- Эмнеге ал? Эмнеге?

- Аны өзүң көрмөйүн түшүнө албайсың...

- Деги сага эмне жетпейт? Мына акча, мына акча, мына акча!

- ....

Экөөбүз ажыраштык. Аялым ажырашкысы келгенин айтып чыкты. 15 жылдык чогуу жашообуз бүттү. 

Башында аны гана күнөөлөп, туугандарга, досторго жамандап, кайдагы ушактарды чыгарып өч ала баштадым. Азыр бул жоругумду эстеп өкүнөм, уялам. Бир кездеги сүйүктүү жарым, балдарымдын апасы эле. Чоң энем сезимдерди башкарып болбойт экенин айтчу. Ошону унутупмун. 

Мен үйдө турбайт элем. Мага үй-бүлө эмес акча маанилүү болчу. Акча берсем, баары бүтөт деп ойлогом. Аялым мага эркелеп келсе, же аны сүйөмбү сураса кагып-силкип чыгып кетчүмүн. Бул мен көрсөткөн азаптардын бирөөсү гана. Башка жоруктарымды айткандан уялам. Бай деле турбайбыз, болгону турмушубуз жетиштүү, элден калбай дегендей. 

Чыдады. Аялым балдар үчүн чыдап жашады. Акыркы убактарда көп ооруп, бейтапканага жатчу болду. Анда дагы акыбалын сурап барбадым, оорукчан аял кереги жок экенин айтып, телефондон бакырдым. Кудай кереги жок болсо кереги жок деп туруп, аны башкага берип койду. Бактылуу киши экен.

Аялымдын күйөөсү тууралуу көп жакшы сөздөрдү угуп жүрчүмүн. Намыстанып аны дагы жамандап, мага конокко келген балдарым ал тууралуу жакшы сөз айтып жатса, ошого кеткиле деп кубалайт элем. Балдардын дагы көңүлүн ооруттум. Менден качып калышты. Деги эле алар мага жакын эмес. Төрөлгөндө аларды чыгарганга дагы басып барган эмесмин. Уялам.

Лыжага баргам. Достор менен. Бутумду кокустатып алып бейтапканага түшүп калдым. 

- Саламатсызбы! Мени таанып турасызбы?

- Ооба.

Көзүнө карай албадым. Бирөөгө жамандык кылган жаман экен. Жерге кирип кетейин дедим. Аттиң, бутум сынык, кыймылдай албайм. Аялымдын күйөөсү врач экен. Оор басырыктуу, акылдуу, маданияттуу экени көрүнүп турат. Эч нерсе дебестен бутумду карап, мага дары жазып, медайымга дайындап чыгып кетти. Эртеси дагы келип карады. Анан аялым балдарым менен келишти. Уялдым.

Сыртыман кабыл албай турганым менен, аялым жакшы кишиге турмушка чыкканына сүйүндүм. Ушунча жыл азап чекти, ал бактылуу болууга татыктуу. Бирок мойнума алгым келбей жатты. Акырында аялыма "мыкты киши экен" дедим. Аялым жылмайды. Анан экөө ээрчишип чыгып кетти. Бири-бирин караганда эле көздөрүнөн башкача сүйүнүү көрдүм. Чыныгы сүйүүнү көрдүм. 

Азыр балдарым менен көбүрөөк убакыт болууга аракет кылып жатам. Азыр гана алар маанилүү экенин билдим. Дем алыш күндөрү мага келишет. Мен эми акча деп эмес, аларды күтүп жашап калдым. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт