// //

Төрт балам менен турмушка чыгып жатканда таштаган күйөөм келип калды

2023.05.15, 17:51
18242

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ызы-чуу менен ажыраштык. Жакшы-жаман сөздөрдүн баары айтылды. Бирок эсимде калганы "төрт бала менен сени эч ким албайт" деген күйөөмдүн сөзү болду.

Билесиңерби, мен башында ишендим. Бирок, эч кимге байкатпадым. Болду, экинчи турмушка чыкпайм деп чечтим. 

Балдардын түйшүгү мени тартып кетти. Күйөөмдүн арзыбаган алимент төлөгөнү эле болбосо, бир жардамы тийбейт. Балдар кичинекей. Кээде чарчаганымдан ыйлайм. Күйөөм болсо, телефон менен сүйлөшүп койгонуна эле милдет кылат. Ишенесиңерби, төрт бала менен ата-энеңе деле батпайт экенсиң. 

Дагы жакшы жумушум бар. Аз да болсо алаксыйм. 

Базардан картошка көтөрүп чыгып келаткам. Арабачан байке түртүп кетти. Пакетим жыртылып, картошкамдын баары төгүлдү. Эмне кылышты билбей туруп калдым. Бирөө дагы келип жардам бербеди. Ал келди.

"Тим эле коюңуз" десем болбой тере баштады. Баарын чогултуп, чуркап барып пакет алып берип, анан басып кетти. Унчукпады. Уят деп артынан барып рахматымды айттым. "Таштап коюнбу" деди. Эмнегедир макул болдум. Туура чечим кабыл алыпмын. 

Экөөбүз эски тааныштай сүйлөштүк. Үйгө жеткенде балдарым чуркап чыгып, аны көрүп токтоп калышты. Ал болсо, "келгиле" деп өзүнө тартып сүйлөп кирди. Балдарымчочуган жок. Тамашаларына күлүп жатышты. 

"Баш кошуп албайлыбы?" Менин төрт балам бар экенин айттым. "Билем" деп мени таңкалып карады. Макул болдум. 

ЗАГСка кетип бараткам. Демейде дайыны жок күйөөм келип калыптыр. 

- Кайда баратасың?

- ЗАГСка?

- Бул ким?

- Күйөөм.

Эмне дешти билбей туруп калды. Тоюмда келгенин карабайсыңарбы. Анан "төрт балам менен деле сүйгөн мырзалар бар экен" дедим. Унчуккан жок.

Бактылуумун. Күйөөм өтө камкор. Мен эми кечинде чарчаганымдан ыйлабай калдым. Билесиңерби, мен жөн гана жашап калдым. Терең дем алып, жашоодон рахат алып калдым. Балдарым дагы башкача бактылуу. Аларга кылган мамилесин көрүп, ага болгон сүйүүм артып барат. Жакшылыктан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Сүйгөн адам, эч нерсеге карабай сүйөт. Балдар бул байлык, жүк эмес. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт