// //

Күйөөм ким аны ала жипти аттатканын айтканда каткырдым

2023.05.15, 17:15
15493

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

12 жыл жашадык. Мынчалык күлгөн эмесмин. Кой айланайын дедим. Азыр дагы күлүп жатам. Силер дагы күлүп алгыла.

Сүйүү бара-бара унутулат экен. Көптөн бери эле жашоо болбой калган. Бирок, эл эмне дейт деп чогуу жашап жүрө бердик. Балдарга оор болбосун дедик. Аттиң, бири-бирин сүйбөгөн ата-эне менен жашаган кандай оор экенин өзүм билем. Бирок, алдыга кадам таштай албай жаттым.

Үйгө турбай калды. Сезимдер алдабайт. Баары бир сезилет. 

"Мен эмес, мени шайтан азгырды, ошол күнөөлүү, мен жөн эле жүргөм" дегенде каткырдым. Байкуш шайтан. Эмнеге бизде бирөө жаман иш кылса дароо шайтанды күнөөлөшөт. Бул жерде шайтандын эч кандай тиешеси жок деп ойлойм. Адам өз колу менен жасаганга өзү жоопкерчилик алыш керек. Шайтанга күнөөнү коюп ылдый түшүүнүн зарылчылыгы жок го дейм. Азгырыктарга туруштук бере албаган өзү, шайтан эмес. Ой боорум.

Келгиле, жоопкерчиликтүү бололу. Бирөөнү күнөөлөгөндү токтотолу. Эң негизгиси өзүбүздү алдаганды токтотолу. 

Ата-эне бактылуу балдар бактылуу. Биринчи кезекте ата жана апа бактылуу болуш керек. Чогуу бактылуу болсо эң сонун. Болбосо балдарды шылтоолоп кереги жок. Эл силерди ойлобойт. 

Жаңыдан жашоо баштадым. Балдарымдын атасын сыйлайм. Экөөбүз сүйлөшүп жай тарадык. Калп айтам, жай тараган жокпуз. Ызы-чуу болду. Бирок убакыт дарылайт экен. 

Ата-энемдин катасын кайталагым келбеди. Бактылуу апа болгум келди. Ошон үчүн биринчи кезекке өзүмдү койдум. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт