// //

Башка аялга кетип бараткан күйөөмө айткан акыркы сөзүм

2023.05.13, 14:08
15720

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Салам, Билесиңбикж, сага бир арманымды айтып алайын дедим. Балким, менин баяным башка бирөөгө сабак болор, же көзүн ачар. 

Менин катам күйөөмө сүңгүп кирип кеткенимде болуптур. Баары окуумду таштагандан башталыптыр. Мен болгону жакшы жубай болгум келген. Аттиң, менин бул аракетим эч кимге кереги жок болчу экен. 

"Мен сенден сурандым беле?" Күйөөмдүн бул сөзү тилимди бууду. Ал менден суранган эмес, ал мага талап койгон. Талаптарын аткарган мен жакпай койдум. Башка таап алды.

Жок, таап албаптыр, башкасы бар болчу экен. Болгону мен билбептирмин. Күн сайын көйнөгүн үтүктөп, ага даярдап жөнөтчү экем. Күйөөмдү күнөөлөбөйм. Баары өзүмдө. Мен өзүмдү акыркы орунга коюп койгом.

- Ал сени "сүйөм" деди. Болгону сөз айтты. Сөз эч нерсеге турбайт. Бүгүн айтылат, эртең унутулат. Мен сага сөз айтпадым. Мен сага баарын далилдеп бердим. Мен сени сүйбөсөм ушунча жыл жаныңда болбойт элем. Акчаң жок күндөрү сени менен ачка болбойт элем. Үй-бүлөмдү таштап, сеникине кызмат кылбайт элем. Алдына түшсөм дагы жактырбаган апаңды сыйлабайт элем. Мен сага ишенгем. Бирок, сенин күнөөң жок. Сен кандай болсоң ошондойсуң. Болгону мен сени башкача ойлоп алгам. Балдарымдын атасы бойдон каласың. Бирок, экинчи ирет күйөөм атала албайсың.

Күйөөм кетем деп оолугуп жаткан. Кеткен жок. Кечирим сурады. Кечирдим. Бирок мен кеттим. Ушунча жыл тепселенген баркымды көтөргөнү кеттим. Өзүңөрдү эч качан бирөөгө байлабагыла. Аягы баары бир жакшылык менен бүтпөйт. Анан адамдар өзгөрбөйт. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт