// //

Төрөгөндөн бери баламды өзүм карайм. Күйөөмдү аталык укуктан ажыратсам болобу?

2023.04.19, 10:52
778

Мен жалгыз бой эне болчум. Жолдошумду сотко бергем. Баламын аталыгы аныкталган. Жолдошум алиментке кесилген. Баламын метиркасында "отчествосу" жок, жаңы метирка албай эле жүрө берсек болобу? Алимент жокко чыгып калбайбы? Чет жакка чыгыш үчүн тоскоолдук жаратабы? Алимент  төлөбөйт, кабар да албайт. Төрөгөндөн бери өзүм камсыздайм. Аталык укуктан ажыратсам болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.04.2023, 10:53

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

Мыйзамда соттун чечими чыккандан кийин канча убакытта туулгандыгы тууралуу күбөлүктү өзгөртүү керектиги тууралуу так маалымат жок. Бирок, мыйзым боюнча бир адамда бир эле туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болуш керек.

Документтерде тактык болушу үчүн эртеби, кечпи алмаштырышыңыз керек болот.
Алмаштырылган күбөлүктү алып барбасаңыз, чогулган алиментти алууда көйгөй жаралат.

Аталык укуктан ажыратыш үчүн КРнын Үй-бүлө кодексинин 74-беренесинде көрсөтүлгөн себептер далили менен болуусу керек. Сиздин жагдайда көп жылдан бери алимент төлөбөй, баланы карабай, тарбиялоого салым кошпой, баланын жашоосунда такыр жок экенин негиз кылып сотко кайрылсаңыз болот.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт