// //

Жетекчим эмне үчүн аялымды карап, анан мени жумушка алганын айтты

2023.03.11, 16:05
17462

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Түшүнбөдүм? 

- Эртең келинчегиң менен кел. Анан жумушка аламбы же жокпу айтам.

Сыртка чыктым. Улгайып деле калыптыр. Жашына жараша жөн жүрбөйбү. Ичимден сөгүнүп бараттым. Эмнеге ага келинчегимди көргөзүшүм керек? Жаман оюу бар го. 

Келинчегим менин. Жаркылдап күлүп жүрүшү үчун баарын жасайм го. Берекем менин. Атам (кайын атам) мага табыштап берген.

- Уулум, кызымдын көз жашын көрсөм, мен өзүмдү жоготуп коем, түшүндүң да?

- Мага ишениңиз ата.

- Ишенем уулум.

Төрт балалуу болдук. Келинчегиме болгон сезимдерим өзгөргөн жок. Ортобуздагы сый, ишеним сүйүүбүздү багып келет. Жумуштан үйгө шашам. Төртөө апасын жүдөтүп жатканын элестетип жөн отура албайм. Көкүрөк күчүгүмдү коляскага салып, калгандарын жетелеп алып дүкөнгө чыкмайын  могу жүрөк тынчыбайт. Аз да болсо апасы уктап алсын деген аракетим.

Жумуш жок кыйналып кеттим. Барбаган жерим калбады. Чогулткан акчаларым түгөнүп баратат. Балдарыма, келинчегиме жакшы турмуш куруп бере албайм каламбы деп уктай албайм чыгам. 

- Эмне маанайың жок? Бир жериң ооруп жатабы?

- Рахмат алтыным, баары жакшы.

- Жок, сен капа болуп отурасың. 

Жетекчимдин эртең экөөбүздү келсин дегенин айттым. Аялым көпкө ойлонду. Акырын келип мени кучактады.

- Шеф бүгүн сизди кабыл алалбайт.

- Бүгүн кел дебеди беле. 

- Эртең жумушка чыга бериңиз. Мына приказ.

- Эмне?

Аялым экөөбүз барганбыз. Мени менен сүйлөшпөй туруп эле жумушка кабыл алганы кандай? Тамашабы? Эмнеге экөобүздү келгиле деди?

Эртеси жумушка чыктым. Айлыгы кыйла жакшы, шарттары дагы сонун, үй-бүлөмө көбүрөөк убакыт бөлөм дегендей. Шеф алдыман чыгып калды. 

- Азамат, жигит экенсиң. Кечээ келинчегиң экөөңдү жетелешип келатканыңды көрдүм. Мен силердин сүйүүгө ишендим. Эркектин кандай экенин билгиң келсе, жубайын бир кара дегенди уктуң беле. Менин компанияма дал сендей азамат жигиттер керек. Жакшы иштеп кетериңе ишенем.

- Агай, мени кечирип коюңуз.

- Эмне үчүн?

- Жаман ойлорум үчүн?

- А балам, баары ошентип ойлойт, тур иште. 

Каткырган бойдон басып кетти. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт