// //

Бул 6 сөздү айткан мырзалардан алыс болгонуңуз оң

2023.03.06, 12:21
3993

Салам, достор!  Өлкөбүздөгү эң белгилүү жана суроо талапка ээ болгон коммуникация боюнча эксперт Гульнура Торалиева, мырзалардын айткан сөзүнөн эле, алардын ким экенин билсе болорун билдирди. Өзгөчө маалыматты төмөндөп окуп, курбуларыңыз менен бөлүшүңүз. 

"Мен ар дайым аял меркантилдүүбү, ага менин акчам керекпи текшерип турам"

Материалдык жактан кыйынчылыгы, кемчилиги бар же биринчи жолу көп акча тапкан эркек ушинтип айтат. 

"Мен аялдын артынан чуркабайм, ага жетүүгө аракет кылбайм, тескерисинче, ал менин жүрөгүмдү багынтышы керек"

Аялдын энергиясындагы эркектин сөзү, анда багындыруучу, мергенчи сыяктуу негизги эркектик инстинкттер жок. Ата-энесы ага эң мыктысын деп көп айтып, ашыкча сүйүүгө бөлөшкөн, же тескерисинче жетиштүү сүйүү бербеген. Аялдык энергиядагы эркек эртеби-кечпи каржылык кризиске кабылат, анткени статус, акча эркектик энергияны талап кылат.

"Аялды башкарып, буйрук берип туруу зарыл, ал баш ийип, макамын эркектен жогору кылбай, көбүрөөк акча таппай жашашы керек"

Эркек өзүн-өзү камсыздай албайт, аялды басынтуу менен комплекстерин компенсациялайт. Аял канчалык жогору болбосун, өз акчасын өзүнө коротсо эмне болуптур? Эркек калган бардык нерсеге жоопкерчилик алалат. Же тең укуктуу өнөктөш болуп каржылык жоопкерчиликти бөлүшүп алышса болот. Бул деген заманбап, дени сак тең укуктуу мамиле.

"Кана инстаграмыңды көрсөтчү!"

Эркек аялдын артынан аңдыйт, ага социалдык баракчаларын жүргүзүүгө же ал жерде оюн билдирүүгө тыюу салат. Элдин  “Эмнеге аны көзөмөлдөбөйсүң?” деген пикирин жогору коет, аткени өзүнө ишенбейт. Ал эми өзүнө ишенген эркек минтип жооп берет: “Мен аны сүйөм жана ал өзүнө жаккан нерсени кылууга укугу бар деп ойлойм”, же “Мен эмне анын социалдык баракчасын көзөмөлдодөй келесоомунбу, менин андай нерселерге убактым жок, мен үй-бүлөмдүн жыргалчылыгын, жакшы өнөктөш болууну ойлошум керек."

"Көңүлдөштөрүңдүн эсебинен жашайсың"

Аялдардын посторуна "арыкта", "оорукчансыңбы", "орон", "жүдөгөн", "көңүлдөштөрүңдүн эсебинен жашайсың"  ж.б сыяктуу кара ниеттик менен комментарий жазат. Мындай эркектер бекерчи, жолу болбогон же алсыз бирөө. Иштеген, ийгиликтүү, ден соолугу чың эркектер аялдардын дагы өз пикири бар экенин моюнга алышат, колдоо көрсөтүп,комплимент айтышат, же комментарий жазууга убактысы жок.

"Мээң менен бир нерсеге жете албайсың"

Аял билими, кесиби, мээси менен ийгиликке жете албайт деген эркектердин көз карашы тар, билими начар. Алар айылынан бир жакка чыкпаган, билимге умтулбаган мырзалар болушат. 

Сизге кандай сөз айткан мырзалар кезикти эле?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт