// //

Сиңдим 7 жолу таблетка аркылуу боюнан түшүрүптүр. Эми төрөбөй калабы?

2023.02.02, 14:23
4770

Саламатсызбы! Сиңдим 7 жолу таблетка аркылуу боюнан түшүрүптүр, 7инчисинде кан көп кетип калыптыр. Врачка да барбаптыр. Азыр ден соолугу жакшы. Айызы өз убагында келет. 8 айдан бери боюнда болбой жатат. Эми төрөбөй калабы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.02.2023, 14:27

Элнура Таштемирова 

Акушер-гинеколог 

Саламатчылык!

Жети жолу медициналык аборт жасоо, айымдын ден соолугу үчүн абдан кооптуу. Аборттон кийин кан кетүү коркунучу жогору. Бойдон түшүрүү "осложнения" бериши мүмкүн, анан дагы тукумсуздук же жатын көйгөйлөрү менен коштолушу ыктымал. Бирок, айымдын ден соолугун текшерүүдөн өткөрүп, дарылап, анан пландоого аракет жасап көрсө болот.

Көпчүлүк айымдар жаш кыздар сактануу жолун билишпейт жана арты-артынан бойго бүтүрөт. Аял өз организмине доо кетирбоо үчүн сактануу ыкмаларын колдонушу керек,  бул каалабаган кош бойлуулукту жана жугуштуу ооруларды алдын алат.

Гинеколог менен инстаграмдан @tashtemirova_elnura баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт