// //

Тамада болом дегендерге Арген Эсенбайдан 3 баалуу кеңеш

2023.01.24, 15:04
5139

Салам, достор! Учурда тойлорду жарып жүргөн тамада Арген Эсенбай өз тажрыйбасына таянып, тамада болом деген жаштарга кеңеши менен бөлүштү. Сактап алыңыз, балким пайдасы тиет. 

Ээрчип жүр

Кимдин жумушу жакшы болуп, кимдин өнөрүн эл жактырып жатса, ошол кишинин артынан жүр. Жок дегенде, бир жыл. Тойдо приз ташып, костюмдарын алып келип берип, тизме түзүш. Тойго ал агайдан биринчи барып, бардык маалыматтарды чогултуп, өз идеяларыңды айтып, жанында бол. Бир аз башты ийип, текеберленбей иштеп койсо, аягы жкшы болот. Төрт-беш жолу чыгып алып, "болду мен кыйратам" деп чыга калганды мен туура эмес көрөм. Түшүнөм, жашпыз, пендебиз, кичине "кыйратам" деп текеберленип коебуз. Менин деле бир алып барган тоюмду көрүп баа берип койгон болбойт. Ар кандай абал болуп калышы мүмкүн. Коноктор, формат башкача болот, ал учурда конкурс, ашыкча сөздөр кереги жок дегендей. Анан ошондой өткөн тойду көрүп, жолду ошондой бир нукка салып алгандан абайла. Бир жыл жанында жүрсөң баары көрүнөт. 

Китеп оку

Китеп көбүрөөк окуш керек. Себеп дегенде, сөз байлык өтө маанилүү. Биздин кыргыз элибизде өтө терең, күчтүү сөздөр бар. Ошолорду билип, үйрөнүп алыш керек. Уюлдук телефонду айлантып эмес, бир сөз менен айткандай бол. Китеп оку, изден. 

Алдын ала көрө бил

Өзүң кандай болоруңду алдын ала көрө бил. Мен мындай болушумду каалайм деп элестетип тур. Мен мурда ушундай болорумду билчүм, кудайдан суранчум. Кичине бала апасына ыйлап бир нерсе алып бер дегендей, ошол сыяктуу кудайдан суран. Анан суранып отура бербей, аракет кыл. Алдын ала эле эмне болорун так билишиң керек. 

Сиз бул сөздөргө кошуласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт