// //

Уйкуңуз кансын. Жашооңузду өзгөртчү кеңештер

2023.01.21, 17:50
4046

Салам, окурман! Албетте жашоону өзгөртчү кеңештер абдан көп. Сиздерге психологдор сунуштан кеңештерди бир нечеси менен бөлүшүүнү чечтик. Эгер сизде дагы кеңештер бар болсо комментарийге жазууга чакырабыз. 

1. Уйкуңуз кансын

Бир суткада 8 сааттан кем эмес уктап эс алыңыз. Түн жарымына чейин  телефон чукуп, телевизор көргөн адаттан арылыңыз. Андан көрө эртерээк туктап, эрте туруп пайдалуу иш менен алек болуңуз. 

2. Күнүңүздү пландаңыз

Биздин ар бир күнүбүз уникалдуу, күтүлбөгөн кадамдар болуп кетиши мүмкүн. Ошентсе дагы бир күндүк планыңыз болушу керек. Мисалы, 10 барак китеп окуйм, Айдайдан карызымды алып келем же шкафтагы кийимдерди жыйнап чыгам. Бул сизди чачырап кетүүдөн сактайт. 

3. Жакшылык кылыңыз

Каарып калган кошунаңызга же болбосо коляскасын тепкичтен түшүрө албай жаткан энеге жакшылык кылыңыз. Эч эле болбосо кабакты бүркөбөй жылмайып жүргөнгө аракет жасаңыз. Өзүңүздөр билгендей эле жакшылык тартуулоочу кадамдар көп.

4. Жашооңуздан негативди чийип салыңыз

Жашооңуздан негативди такыр эле алып таштоого аракет кылыңыз. Өзүңүздү жашооңуздун сүрөтчүсү элестетиңиз. Калем колуңузда, кандай сүрөт тартасыз ал сиздин гана тандоо болот. Негативге маани берип, аны багып жүрө берсеңиз жашооңуздагы кара тилкеде кала бересиз. 

5. Эч качан ичи тардык кылбаңыз

Көрө албастык, ичи тардык – кыйратуучу сезимдердин бири.Кыялыңызды ишке ашырыңыз жана башка бирөөнү жеңүүнү, аны тепселеп жок кылууну максат кылбаңыз. 

Дагы кандай кеңештерди сунуштайт элеңиз?


Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт