// //

Кудагыйымдын сөзүн тыңшагандан кийин кызымды жибербейм деп чечтим

2023.01.13, 12:29
17170

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет атанын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Мен кызымдын алдында күнөөлүмүн. Канча ирет алдына барып кечирим сурагым келет. Могу жүрөктөгү өкүнүч мени кыйнап бүтмөй болду. Аттиң, ата-эне ар дайым эле баласына эмне жакшы болорун билбейт тура...

- Ата, тийбей эле коюнчу.

- Сөз бүттү, башымды оорутпа, даярдан.

Апасы экөөбүз кызымды кудалап келген тарапка бермей болдук. "Кызды сурап келгенге бериш керек" деген неме барго, ошого такыр ишенбегиле. Каникулга келген кызымды окуусуна баткысыз кылып узаттык. "Күзүндө тоюңа камынабыз, экзамендериңди бүтүрүп кел" дедим. 

Түндө ойгондум. Кызым ыйлап жатыптыр. Акырын барып бөлмөсүн тыңшадым. Кире албадым. Азыр ыйласа, кийин рахмат дейт дедим. Бечара кызым ай, акылсыз атаңды эмнеге уктуң экен. Сенин сыйыңа берген жообум, тагдырыңды талкалаганым болду.

Сыртынан бактылуу көрүнгөн кызым кордук көрүп жүрүптүр. Мен ата катары ошону сезе албадым. Баласынын бактысыз экенин көрө албаган ата-энеин барынан жок жакшы... Аттиң...

Кудаларым үйгө конокко келишкен. Менин туулган күнүм болчу. Кокустан кудагыйымдын сөзүн угуп калдым. Мени байкабай сыртта телефон менен сүйлөшүп жаткан экен. 

"Эмне кирди жуубай кетиптирби? Ата-энесине барабыз десек көөп кеткенго! Ага көрсөтөм! Балам мурдагыдай кылып тарбиялап коет! Шашпасын! Жарыбагыр!"

Кеп кызым жөнүндө экенин билдим. Колум титреп чыкты. Сыртынан күлгөн , кызымды кыз кылып аларын айткан кудагыйымдан мындайды күткөн эмесмин. Дароо кызыма бардым. Идиш жууп жаткан экен. Колундагы чынын алып туруп жерге ыргыттым. Сынып кетти. 

- Кызым, азыр кайын-журтуң менен кайра кеткиң келеби же жокпу? Чынын айт кызым. Атаңа ишен кызым. Айтагой.

Ыйлап жиберди. Көкүрөгүмө кыстым. "Жок" деген араң үн чыкты.

Коноктор узап баратты. Кызым менин жанымды турду. Кудагыйым тим эле сыр бербейт. "Кеттик" деп кызыма айтты. 

- Барбайт!

Баары карап калышты.

- Барбайт! Уулуңа айтып кой, кызыма колу тийген адамды мен жөн калтырбайм. Уктуңбу!

Болгон күчүм менен бакырды. Машинасына түшкөнгө шашты. Эч ким эч нерсе деген жок. Баары түшүндү окшойт.

Кызым азыр жанымда. Эртең эмне болорун билбейм. Канча ирет чыгынып барып кечирим сурайын дейм. Батына албай жатам. Бирок, сөзсүз сурайм. Бир нерсени айта алам, кызым каалаганын кылсын, жашоо аныкы. Мен жанында болом.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт