// //

Өзүмө жакпаган кесипте окуп жатам. Ата-энемди кантип көндүрсөм болот?

2022.11.23, 10:45
2443

Саламатсызбы! Мен студентмин. Өзүмө жакпаган кесипте окуп жатам. Ата-энеме которулайын десем көнбөй жатышат. Акыркы учурда себепсиз ыйлап, стресс болуп жатам. Кеңешиңизге муктажмын!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.11.2022, 10:45

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы! 

Сиздин абалды түшүнүп турам, өзүңүзгө жакпаган окууну, ата- энеңизге жакканынан улантып жатканыңыз маалым болуп жатат.

Албетте, бул нерсе жаныңызга батып кеткендиктен стресс абалында болуп, күчүңүздү ыйдан чыгарып жатыпсыз. Бул учурда ачык диалог иретинде сүйлөшүп, ичиңизде болуп сезимдер менен бөлүшүү зарыл. Ата- энеден сепарация болбогондо ушул көйгөйлөр келип чыгат.

Ата-энеңиз такыр сиздин сунушуңузга көнбөй койсо эмне болот? "Силердин ой- тилегиңерди сыйлайм, бирок мен чечим кабыл алдым, өзүм каалаган окууну окуйм"-, деп ал чечимге катуу турсаңыз кандай болот?
Ушул суроолорго жооп берип көрүңүз.

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @zarinaa.usupova баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт