// //

Кедачан жүрсөм, кар жаап салды. Студенттер ой бөлүшөт

2022.11.17, 12:30
1501

Bilesinbi.kg студенттердин күнүнө карата, алардын ойлору менен бөлүшүүнү чечти. Эгер сизде дагы студенттик кезде эсиңизде калган позитивдүү окуя бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Ачка болгондон тажадым, чын эй

Айылда ар дайым ток элем. Мектепте окуп жүргөндө дагы ток элем. Эмнеге студенттердин баары ачка? Чын айтам, курсагым эле ача берет. Эртең менен чай ичип маршруткага түшөм, "универге" жеткенде эле ичимде оркестр ойной баштайт. Мугалим айтып жаткан эч нерсе эсиме кирбейт. Оюма тамак эле келе берет. Тажап кеттим. Бир нерсе айлып жейн десем акча жок. Айылга эле кетип калгым келип жүрөт. 

Маршруткага көнө албай кусуп жүрөм

Университетиме үйүмөн туура бир маршрутка барат. Жарым сааттык жол. А мен ошол окуума жете албай, жүрөгүм айланып, кусуп түшүп калып, төрт жолу ар кайсы маршурткага отурам. Бир саат дегенде араң жетем. Эл тыгыла баштаганда эле кускум келип, окшуп кирем. Эч эле маршруткага көнө албай койдум. Сабакка боппоз болуп кирип барам. Башым айланып отурам. Бул жеткеним эле, кеткенимди айтпай эле коеюн. 

Кедачан жүрсөм, кар жаап салды

Мен жатарда "эртең кар же жаан жабай турсун" деп тиленем. Анткени, жаңы ботинка алалекмин. Стипендияма алам деп коем, анан акчам түшкөндө кур курсакка кетет. Үчүнчү жолу ушундай болду. Кечээ кар жаады. Мен сабакка барбадым. Кедачан кантип барам?

Орусча кыйнады

Ушул, орус тилинен жаман кыйналдым. Сабактардын жарымын түшүнбөйм. Которо берип тажап кеттим. Кээ бир курсташтарым орус жигиттер. алар мага келип сүйлөсө, күлуп басып кетем. Учурашам, анан болду деп койгула. Мендейлер барбы?

А сизде кандай окуя бар?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт