// //

Кантип айфонго акча чогултса болот? Өспүрүмдөргө 5 кеңеш

2022.11.14, 14:29
1703

Өспүрүмгө каалаган нерсесин алуунун эң оңой жолу - ата-энесинен сурануу. Бирок бул ыкма дайыма эле иштей бербейт, алар көп учурда баш тартып коет дегендей. Демек, өзүңүз сатып алууга аракет кылсаңыз болот. Кантип? Болгону керексиз чыгашалардын баш тартып, төмөндөгү эрежелерди аткаруу керек.  

Максат коюңуз

Ооба, баары максат коюудан башталат. Эгер айфон алгыңыз келсе, бирок ата-энеңизди кыйнабайм деп чечсеңиз, анда атаңыз же апаңыз, туугандарыңыз акса берсе, дароо дүкөнгө чуркабай чогулта баштаңыз. 

Акчаны үнөмдөңүз

Досторуңуз менен анча деле кызыктуу эмес киного же мультфильм көргөнгө барсаңыз болот. Күн сайын гамбургер, чипсы, кола алып жесеңиз болот. Бир нерсе кааласаңыз, ойлонбостон дароо сатып алсаңыз болот. Же акчаны жөн эле чача бербей, чогулта баштасаңыз болот. 

Чыгашаларды эсептеп чыгыңыз

Күнүнө канча акча коротушуңуз керектигин эсептеп көрүңүз жана бул суммадан чыкпаңыз. Мисалы, күнүнө жол кире жана тамакка мынча сом коротом, ошондон ашпайм деп чечиңиз. Албетте, азгырыктар болот, бирок эрктүү болуңуз. 

Кошумса киреше издеңиз

Максатыңызга батыраак жеткиңиз келет, бирок акча чогултуу жай болуп жатабы? Колуңуздан эмне келет? Мисалы, өспүрүмдөр өздөрүнөн кичүүлөргө кошумча сабак берип акча тапса, айрымдары татууларды жасап сатат дегендей. Сизде кандай талант бар жана ал талантты кантип пайдаланса болот ойлонуңуз.

А сиз өзүңүз сатып алган биринчи кымбат буюм эмне болгон?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт