// //

Карындаштуу болгондон кийин кыска юбка кийген кыздарга тийишпей калдым

2022.11.11, 12:04
4820

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир жигиттин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Көтөрбөйм, кичинекей экен. Жок, ай, алыңызчы.

- Апей ботом, байкеси дагы ошентмек беле.

Ошентип карындаштуу болдум. Буга чейин үйдүн жалгыз баласы болуп жалгыздыкка көнүп калгам. Биринчи күндөрү, түндө ыйласа чыдай албай дос баламдын үйүнө кетип калат элем. Баса, мен 10-классмын. "Экзаменге даярданам" деген сонун шылтоо тапкам.

Басып калды. Ары бар десем деле болбой, улам мага оюнчуктарын алып келе берет. А мен качам. Бала менен отургум келбейт. Анын үстүнө карындашым менен. Досторум шылдыңдайт.

Ушул жерден атам менен апама рахмат, бир дагы жолу бала кара деп, карабасам да урушкан жок. "Балам өзү бала" дешип кайра мени эркелетишет.

Бир күнү сыртта ойноп жүрүп кулап, тизесин канатып алыптыр. Ыйлап мага келди. Бутун жууп, байлап жатсам, мени кучактап өөп койду. Өзү болгону үчтө. Мен ошондо өзгөрдүм. 

Байке болгон жакты. Карындашымды ээрчитип алып дүкөнгө барам. Кечинде сүрөт тартабыз. Мультфильмдердин баарын көрүп чыктык. Сабактан келатсам чуркап тосуп алат. 

Кыздарга болгон мамилем өзгөрдү. Мурда классташ кыздарым менен урушуп кетсем, сөгүп салат элем. Азыр унчукпайм. Кайра аларга жардам берем. Карындашым машина айдаганды жактырат. Жанагы чоң оюнчук машина алып берели десем, чоң атам "кыздар айдабайт" десе болобу. Урушуп кеттим. Эмнеге айдабайт, эмнеге кыздарга болбойт деп, акыры алдыртып бердим. Карындашым ушундай сүйүндү. 

Мурда кыздарды шылдыңдап, кыска юбка кийип алышса жаман сөздөрдү айтып тийишет элем. Азыр антпейм, анткени менин да карындашым чоңоет. Ар бир кызга аяр мамиле жасап калдым. 

Карындаштуу болгондон бери өзгөрдүм. Экөөбүз ушундай жакын болуп калдык. Карындашымдын укугун талашып жүрүп баарына жаман көрүндүм. Биздин коомдо кыздарга кандай кыйын экенин билдим. 

Карындашым бүгүн төрткө чыгат. Туулган күнүнө робот сураган. Чогулткан акчаларымды алып базарга баратам. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт