// //

Бирөөлөргө бул 3 нерсени жасоого жол берсеңиз, сизди эч ким сыйлабайт

2022.11.07, 11:49
7237

Салам, достор! Бүгүн биз психологдор сунуштаган үч сонун кеңеш менен бөлүшөбүз. Эгер буларды аткарсаңыз, өзүңүзгө болгон сыйды көтөрөсүз. Аткарбасаңыз, бааңызды түшүрүп, ыңгайлуу куурчакка айланасыз. 

Өткөн чакта кетирген каталарыңыз үчүн уяткарууга жол бербеңиз

Өткөн чак, өткөндө калды. Ал нерсе жок, бүттү. Убагында туура эмес бир нерсе жасаган болушуңуз мүмкүн. Баарыбыз ката кетиребиз дегендей. Бирок, аны сабак катары кабыл алыңыз. Бирөөлөр улам эле эскертип, сизди уяткарып жатса, унчукпай отура бербеңиз. Ал нерседен эч уялбай турганыңызды, кайра жакшы тажрыйба катары кабылдаганыңызды айтыңыз. Уяткарып жаткандардын көбү сизди басынтууну көздөйт. Муну унутпаңыз.

Кыялдарыңызды, каалоолоруңузду, бир нерсе жасоого болгон умтулууңузду жокко чыгарууга жол бербеңиз

Сизге кандай жакшы болорун өзүңүз эле билесиз. Кыялдарыңызды, келечекке болгон пландарыңызды бирөөнүн критикасы үчүн өзгөртүп же жокко чыгарбаңыз. Башкалар баалабай эле койсун, эң негизгиси өзүңүз баалап, өзүңүз ишениңиз. Колуңдан келбейт дегендерге ишенбеңиз. Ошентип айткандардан алыс болуңуз, же сеники туура деп коюп, өз максаттарыңызга умтула бериңиз. 

Сизге кандай жакшы болорун чечүүгө жол бербеңиз

Бирөөлөр үчүн жакшы болууга аракет кылбаңыз. Идеалдуу нерсе жок. Баарына жагууга аракет кылып, алардын оюндай болууга умтула берсеңиз, сизди эч ким сыйлабайт. Кандай кийим кийип, кандай тамак жешти, бир гана өзүңүз билесиз. Сиздин тандоону сыйлабаган адамдарды жашооңуздан алып салыңыз. Бир келген өмүрүңүздү бирөөгө тескетүүгө жол бербеңиз.

Ушул үч нерсеге дагы эмнелерди кошот элеңиз? Комментарийге жазыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт