// //

“Жалжаке” деп жактырбаган күйөө балама өмүр бою ыраазымын

2022.11.04, 16:44
16341

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөө баласына ыраазы болгон кайын аганын баянын жарыялайбыз.

Аялым дасторкон даярдап жүрөт. “Эмне боорсок дагы жасадыңбы?” Жактырбай бурк эттим. Ананчы, карындашымды кызганып өрттөнүп жатсам. Болочок күйөө бала келмек. Үйдөгүлөр президентти тосчудай толкунданып алышкан. Таанышат имиш. Келсин, көрсөтөм ага.

“Саламатсыңарбы, болочок туугандарым!” Аккордеонун көтөрүп алып ырдап кирип келди. Жалжаңдап оозу жабылбайт. Ар нерсени айтып элди күлдүрүп жатты. Ортодон апам менен атама жүгүнүп дагы жиберди. Кыскасы, менден башкасына жакты.

Байкелеп жаныма келген сайын каным кайнайт. Кантип ушуну жактырды? Билимдүү, оор басырыктуу, супсулуу, карындашыма ыраа көрбөй мурдумду чүйрүдүм. Аялым “жөн тур” деп акырын чыканагы менен түртүп коет. Чыдабай чыгып кеттим.

Той. Дагы эле жалжаңдап, оозу басылбайт. Досторум “күйөө балаң өзү эле тамада болчудай экен”,- деп күлүштү. Уялдым. Бирок сыр билгизбедим. Карындашым бактысын ушудан көрүп турса эмне кыла алмак элем.

Жумушуман банкрот болуп, карызга батып кеттим. Айла жок, чет жакка кетиш керек болуп калды. Аялым дагы мени менен бара турган болду. Эки балабыз бар, бирөөсү алтыда, экинчиси үчтө. Ата-энем кары, небере караганга алы келбейт. Эмне кылсам? Сыртта ойлонуп отурсам, күйөө балам келип калды.

- Ой, байке! Дүйнөдөгү бардык адамдардын кайгысы башыңызга түшкөндөй отурасыз да.

- Сен менен тамашалашканга убактым жок.

- Анда ток этер жерин айтыңыз.

Болгонун-болгондой айттым. Эмне деди дебейсиңерби? “Ошо да кеппи, мен турганда эч кабатыр болбоңуз. Балдарыңызды Жыпар (карындашым) экөөбүз алып калабыз. Атам менен апама кол кабыш кылып жанына көчүп келебиз. Силер бара бергиле.”

Күн сайын балдарым менен сүйлөштүрөт. Улуусуна аккордеон ойногонду үйрөтүп коюптур. Кичүүсү мен алып бербеген оюнчуктар менен ойноп жүрөт. Көп өтпөй улуу баламды мектепте киргизип, форма, окуу куралдарын алып берди. Акча салайын десем “андан көрө чогултуп карызыңыздан кутулуңуз”,- деп болбойт. Карындашым дагы кош бойлуу, үйдө отурат. Өзү жалгыз иштеп баарына жетишип жатты.

Эки жылдан кийин кайтып келдик. Балдарым томпоюп толуп, ата-энем жашарып калыптыр. Ишенесиңерби, бир жолу да милдет кылбай баарын күйөө балам өзү жалгыз бакты. Жүрөгү ушунчалык таза экенин көрбөгөн сокур экенмин.  

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт