// //

Күйөөсү жок деп, тойго чакырбай калышты. Ажырашуу жөнүндө 5 окуя

2022.09.21, 10:18
9113

Салам достор! Биздин ватсап номерге окурмандардан ар түркүн окуялар келип түшөт. Бүгүн ажырашуу тууралуу чакан баяндарды анонимдүүлүктү сактоо менен чыгарабыз. Эскертүү! Биз ажырашууга үндөбөйбүз. Болгону ажырашкандан кийин деле жашоо бар экенин көрсөткөн окуяларды жарыяладык. 

"Кызың  менен байланышып турсаң болду деп чыр-чатаксыз эле кеттип калдым"

Ажырашуудан кийин жашоо бар экен. Азыр кызымды атасынан алганы кетип баратам. Мен өзүм ажырашууну чечтим. Уруш деле чыгарган жокмун. Ажырашуубуздун себебин айткым келбейт. Э жашырганда эмне, көзүмө чөп салганын билдим. Кечире албадым. Өмүр бою аны да, өзүмдү да кыйнап жашагым келбеди. Менде бир гана талап бар болчу: Кызың менен катташып, аталык мээрим бересиң. Өзүм атасыз өскөм, кызым мага окшош болбосун дедим. Күйөөм сөзүнө турду, кызын жакшы карайт. Менде азыр баары сонун.

"Ажырашкандан кийин көзүмдүн көгү кетти"

Кол көтөрүү. Балдар үчүн деп чыдап көп жыл жашадым. Көзүмдөн кара көз айнек түшчү эмес. Себебин билесиңер. Билбейм, бул өмүрүм ушинтип эле өтүп кетеби дедим окшойт. Балдарымды алдым дагы кетип калдым. Корктум. Бирок ачкадан өлүп калган жокмун. Бүгүн күзгүгө карандым. Көзүмдүн көгү жок. Жалтырап да калыптыр.

"Мени ойлобогон адам менен жашагым келбеди"

Мени менен иши жок адамга жагынгым келбей калды. Жасаган тамагымды мактабаган адамга тамак жасагым келбей калды. Жылуу сөз айта албаган адамга сүйүүмдү айткым келбей калды. Мени ойлобой көчөлөп жүргөн адамды жумуштан күткүм келбей калды. Эмнени туура эмес кылып койдум деп, маанайын карап жашагым келбей калды.

"Кет деди кеттим"

Урушуп кетсек эле кетире берчү. Кээде түн ортосу көчөгө сүйрөп чыгарып койчу. Билимим жок, кантип жумуш табам деп кете албай жүрө бердим. Бир күн дагы "кет" деди. Кетип калдым. Анан эмне кылайын. Кырк жашымда окууга тапшырдым. Көрсө баарын башынан баштоо эч качан кеч эмес экен. Аябай коркком. Элдин сөзүнөн уялгам. Азыр мага баары бир. 

Тойго эле чакырбай калышты, " а так" баары жакшы.

Кызык, күйөөң жок сен эч кимсиң дегендер да бар экен. Мен ажырашкандан кийин тойго чакыруу албай калдым. Бирөөнү айтпай эле коеюн, өз туугандарым менден уялып калгандай. Күлкүм келет. Бирок мен бактылуумун. Тойго чакырышпаса кайра жакшы, акчамды үнөмдөп, эс алууга чогултуп жаткан тыйыныма кошуп коем. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт