// //

Неагативдүү ойлорду бакпаңыз. Өзгөчө кырдаал учурунда эмне кылуу керек

2022.09.17, 11:39
1492

Учурда Баткендеги кырдаал баарыбызды тынчсыздандырууда. Ичибизде коркуулар пайда болуп, айрым учурда ал коркуу күчөп, паникага алдырып жиберип жаткандар жок эмес. Психолог Зарина Усупова мындай учурда эмне кылуу керектигин айтып берди.

Күнүмдүк жашоону унутпаңыз

Тилекке каршы, көп учурда биз болуп жаткан кырдаалды көзөмөлдөй албайбыз. Бул нерсе өз кезегинде психологиябызга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Эгерде күнүмдүк жашоодогу кээ бир майда-чүйдө нерселерди жасай берсек, бизде абалды башкаруу сезими пайда болот. Андыктан кир жууп, тамак бышырып, үй жыйнап, сейилдеп келип, кошуналар менен баарлашып, музыка угуп же китеп окууга аракет кылуу керек.

Жакындарыңыз менен байланышта болуңуз

Биз коомдук жандыктарбыз жана ичибизде пайда болгон боштукту баарлашуу аркылуу толтурса болот. Мүмкүн болушунча жакындарыңыз менен байланышта болууга аракет кылыңыз: туугандар, достор же кесиптештер дегендей. Сиздин баалуулуктарыңызды бөлүшкөн адамдар сизге колдоо көрсөтө алышат. Мындан тышкары сезимдериңизди социалдык тармактарда да бөлүшө аласыз. Сезимдери сиздикине окшогон адамдар колдоо сөздөрүн жазышат.

Негативдүү ойлорду бакпаңыз

Өзүбүздү жакшылыкты көрүүгө тарбиялашыбыз керек. Мээбиз жаман, азаптуу, коркунучтуу нерселерге көбүрөөк басым жасай тургандай кылып жайгаштырылган – ал бизди коркунучтан ушундайча коргойт. Ошондуктан, жөнөкөй нерселерди байкаганга көнүңүз, жаман ойлорду багып чоңойтпоңуз.

Маалыматтарды ылгап кабыл алыңыз

“Баары жакшы” деген нерсени окуйм деген үмүт менен жаңылыктар ленталарын карайсыз. Бирок анын ордуна өлүм, кыйноо, чексиз салгылашуулар тууралуу кабарларды көрөсүз. Анан кайра тынчсыздануу пайда болот. Абалыңызды жеңилдетүү үчүн жатар алдында бир нече саат мурун жаңылыктарды окууну токтотуңуз. Жок дегенде жумасына бир жолу маалыматтык детокс күнүн уюштуруңуз, башкача айтканда, сизге зыян келтире турган эч нерсени окубаңыз жана көрбөңүз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт