// //

Жигитиме "сага турмушка чыга албайм" деп кантип айтсам болот?

2022.09.09, 10:28
1011

Саламатсызбы! Мен 22 жаштамын, классташ балам менен сүйлөшөм. Жакында эле "мага турмушка чык" дейт. Мен азыр турмушка чыкканга даяр эмесмин. Ага жүрөгүн оорутпай, "жок, сага турмушка чыга албайм" деп кантип айтам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
09.09.2022, 10:32

Зарина Усупова 

Психолог

Саламатсызбы!

Сурооңуз боюнча, өзүңүзгө дага суроолор пайда болду. Турмуш курганга даяр эмесмин деп жатасыз. Бул нерсеге качан, кандайча даяр болосуз? Классташ балаңызга болгон сүйүү сезими барбы? Жүрөгүн ооруптай деп жазыпсыз. А көңүлү калып, жүрөгү ооруп калса эмне болот?

Канчалык аракет кылып, жүрөгүн оорутпай айтам деген күндө да, конкреттүү жооп баланын каалоосу менен туш келбегендиктен, ал балада сөзсүз түрдө фрустрация (нааразылык) болот. Себеби адамдын сунушу канаатанган жок, баш тартылды.

Турмушка чыгууга даяр эмесмин деген оюңуз менен бөлүшүп жооп кайтарсаңыз, бул чындык болмок деп ойлойм.

Психолог Зарина Усупова менен инстаграмдан @zarina.usupova_ баракчасы аркылуу байланыша аласыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт