// //

Дүкөндө пол жууп жаткан кызымды көрүп, оорумду мойнума алдым

2022.09.07, 17:07
16637

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөө баланын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бойтойгон колдору. Кир тряпка. Бозоргон. Алы жок. Болгон күчү менен сыгып, капкара полду жууп жатат. 

- Байке! Аласызбы же жокпу?

Колумдагы бөтөлкөнү кассага таштап туруп чыгып кеттим. Сыртта кызымды күтүп отурдум. Кеч чыкты. Колунда макарон бар экен.

- Айтуш?

- Ата...

- Кызым токтосоң... Кызым качпачы... Кызыыым...

Качып кетти. Спирт жыттанган атасынан качып кетти. Туура кылат. Качып кетти. Мен аларды таштап качып кеткениме быйыл туура эки жыл болду. ошондо кызым жетинчи класс, жок, сегизинчи. Карасаңар, унутуп да калыпмын.

Өз балаңдын иштеп жүргөнүн көрүү кыйын экен. Балалыгын байлап койгонума өкүндүм. Үч күндөн бери уйку жок. Көз алдымда боппоз кызымдын пол жууп жүргөнү келет. Анан кантсин байкуш, апасына бир аз жардам болсун дегени го.

- Жоки го? 

- Апей, булар эмне жараштыбы?

- Ай жок ай, кыязы бөтөлкөсүнө акча таппай үйүнө келе жатса керек.

Мени көргөн кошуналар шыбырашып калды. 

- Сен? эмне келдиң?

- Балдарды сагындым.

- Эмиби? Чыгып кетчи?

- Бир жолу көрүп алайынчы. Суранам, Дамира, кубалабачы. 

- Жүрөктөрүн түшүрөсүң. Сенсиз деле жашообуз өтүп жатат. 

- Жашооңор жакшы болсо, эмнеге Бөтөй пол жууп жүрөт. 

- Менин тапканым балаңдын дарысына кетет. Сага караганда кызың акылдуу. Сабактан кийин иштеп калат. Чыгып кетчи. 

- Жок дегенде, бул куурчакты Бөтөйгө берип койчу, суранам, Дамира. 

Колумдагы куурчакты жулкуп алды дагы, эшикти тарс жапты. Сумсайып кала бердим.

Ичкич экенимди мойнума алдым. Мурда аялымдын айтканын укпай, так секирет элем. Бул ирет бейтапканага өзүм басып бардым. Дарыгерге ыйладым. Мени дарылагыла деп ыйладым. "Мойнуңа алыпсың, демек сакайуу бат болот" деди. Сүйүндүм. Аялыма жаздым. Бейтапканага жатканымды жаздым. Окуду. Жооп бербеди.

Күз келди. Мен жаңы жашоого чыктым. Азыр базарда дүкөндө күзөтчү болуп иштейм. Дагы эле аялымдын көңүлүн таба албай келем. Балдарымды сагындым. Баса, кечээ кызымды алыстан көрдүм. Сумкасынан баягы алып барган куурчактын чачын көрдүм. Демек, үмүт бар экен. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт