// //

Эртең менен жумушка баратып аялыма муну кылгандан бери ишим оңолду

2022.09.05, 09:15
17670

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. Башкы беттеги сүрөттүн окуяга тиешеси жок. 

- Урмат?
- Угуп жатам шеф
- Мага кирчи.

Дагы эмне кыла койдум? Урашабы эми? Же айдап чыгабы?

Эшик. Алдында он мүнөттөй турдум. Секретарь эже кофесин ичип карап турду. Терең дем алдым дагы, кирип кеттим.

- Кел, отур.
- Угуп жатам шеф.
- Тиги филиалдын жетекчисин жумуштан алгам, билесиң да?
- Ооба, шеф, уккам.
- Сени ошол жакка дайындап жатам.
- Ыя, ботом.

Дароо таенемдин сөзү эсиме келиптир. Шеф боору эзилип калды. Баары аялыма бул нерсени жасагандан баштап өзгөрдү.

Мен муздак күйөө элем. Сезимдеримди билдирүү, кучактап, өөп ыраазычылык айтуу, жүзүнөн сүйүү деген нерсени билчү эмсмин. Жакшы көрсөм дагы жакшы көрөм дечү эмесмин. "А, жакшы." Менин бардык сүйүнүчтөргө болгом суз жообум. Аялым сүйүнүп келип бир нерсе айтса, ушинтип кутулам. 

Билбейм качан, бирок робот болуп жашагандан чарчадым. Анын үстүнө акыркы убактарда ишим жүрүшпөй калды. Бир нерсени өзгөртүүнү чечтим. Келинчегим даамдуу дымдама жасаптыр. Жеп бүтүп, туруп баратып сонун болуптур деп бетинен өөп койдум. Ошол күнү маанайым сонун жүрдү. 

Жумушка баратып бетинен өөп койчу адат таптым. 

Көп өтпөй ишим жүрүшө баштады. Аялымдын маанайы жайнаган сайын, чөнтөгүмө акча түшө баштады. Эми минтип жетекчи болгону жатам. 

Үйгө кантип жеткенимди билбейм. Келинчегим баламды жуунтуп жаптыр. Чуркап барып эле бетинен өпкүлөп жатып калдым. Кыткылыктап күлгөнү. Сүйөм го, сүйөм. 

Аялыңарды сүйгүлө. Аны уккула. Айтканын жасап койгула. Жаныңарда жаткан, силерди күткөн, силерге кабатыр болгон ошол аял. Менүчүн үйүмдө күлкү болуп турушу керек. Анын ачкычы аялым экенин эми түшүндүм.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын сиңдим эмнеге менин көзүмдү карай албай жатканын билип таңкалдым

Кайын энем кайын атамдан бекинип бир кишиге жолугуп жүргөнүн билип калдым

Күйөөм бул үч кызга массаж жасап берип колун оорутуп алыптыр

Пол жуугандын ордуна башымды жууп баштагандан бери жашоом өзгөрдү

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт