// //

Күйөөм кошуна аялдын кийимин эмне кылганын дале унута албайм

2022.08.30, 17:21
15438

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Урушуп кетсек ушул окуяны эстейбиз. Таарынышып кетсек ушул окуяны эстейбиз. Тил табыша албай жатсак ушул окуяны эстейбиз. Кыскасы, бизди ушул окуя жараштырат. 

Анда кеп башынан болсун. 

Кош бойлуу кезим эле. Үчүнчү балабыз. Бул кош бойлуулугум оор болду. Токсикозум аябай кыйнады. Эки балама такыр убакыт бөлө албай калдым. Күйөөм жумушунан үйгө чуркап келет. Тамак жасап, кайра балдарды бала бакчадан алып келет. Мен калп айтпасам төрт жолу бейтапканага жатып чыктым.

Даалай ирет кыялымды көрсөттүм. Алтындай күйөөм бар. Бир дагы катуу сөз айтпады. Баарына чыдап отурду. Улам сыртка чыгып дем алып келет, кайра менин эркелигимди көтөрөт. Билем, ага деле оор болду. Бирок, кош бойлуулуктагы гормондорду башкарып болбойт экен. 

Конуштарда жашайбыз. Үйлөр жаңыдан түшө баштаган. Кошуналар менен аралыктар тосула элек. 

Апам үйгө чакырып "кой сойдук, эт алып кет" деген. Чыгып баратсам күйөөм келе жатыптыр. Жүр десем, үйдө эле болоюн деп калды. Кыязы, тартынды окшойт.

Куурдак жеп алып, шашпай үйгө келсем күйөөм жымыңдап тосуп чыкты. Эмне болгонун сурасам, мени убара болбосун деп кир жууп койгонун айтты. 

- Кайсы кир? Бизде кир жок болчу.

- Тиги жерде туруптур. Анан кимдикин жуудум?

Каткырып сыртка чыктым. Карасам кошуна эже күлүп жатыптыр. Көрсө ал кирлерин алып чыгып коюп, дааратканага кирип кетиптир. Анан күйөөм ал чыккыча кирлер биздики экен деп жууп жайып коюптур. Экөөбүз боорубуз эзилип калды. 

Күйөөм менен урушуп кетсек, "бар кир жуу" дейм. Анан айла жок күлүп жиберет. 

Мага кам көрүп, кыялымды көтөрүп, сонун учурларды тартуулаганың үчүн рахмат! Мен сени сүйөм. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитимдин бул сөзү үчүн тоюбузду токтотуп, чакырууларды кайтарып алдык

Күйөөмөн ичимди бекитип жүрүп үч бала төрөп алдым

Үйгө келсем атам менен келиним отуруп алып бокс көрүп жатыптыр

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт