// //

Бул 7 жөндөм, сизди 21-кылымга керектүү адам кылат

2022.08.18, 11:06
3597

Codify Lab IT-компаниясынын түптөөчүсү жана башкаруучу директору Динара Руслан 21 кылымга керек болгон көндүмдөр тууралуу айтып берди. 

Заманбап дүйнөдө баары ушунчалык тез-тез өзгөрүп турат. Мектепте же университетте алган көндүмдөрүбүз эскирип калганын өзүңүз деле байкасаңыз керек. Университетти бүткүчө эле, компаниялар ал жакта үйрөткөн эмес, башка жөндөмдөрдү талап кылат.

Мен стартаптар үчүн маалымат издеп жатып сонун нерсе таап алдым. Тапканым 21-кылымда иштегендердин дээрлик баарына ылайыктуу келет. Анда эмес кулак салыңыз. 

Тез үйрөнүү 

Мен бул жөндөмдү биринчи орунга койдум. Анткени азыр технология заманы. Дүйнөдө, жумушта жана бизнесте кырдаал ушунчалык тездик менен өзгөрүп баратат. Ошондуктан маалыматты тез үйрөнүү жана изилдөө жөндөмү өтө маанилүү.

Эмоционалдык интеллект

Адам өзү же башкалар менен келише билүү жөндөмдүүнө ээ болушу керек. Кээде жөн гана кабыл алып, макул болуп жана ички конфликтке жол бербей койсо абдан сонун болот, анткени бул өтө маанилүү. Мен үчүн бул абдан кыйын, себеби жөн гана IQ, сандар менен эсептеп, чечим кабыл алуу оңой. Бирок EQ бир топ таасир бере турганын байкадым.

Финансылык сабаттуулук

Акчаны эсептеп жана башкара билүү өтө маанилүү. Эгер инвестиция кылбасаңыз, ойлонбой коротсоңуз, сиз же компанияңыз көп киреше тапканына карабай, ар дайым акчага муктаж болосуз! Мындайча айтканда, лотереядан чоң байге утуп алып, бир-эки жылдан кийин үйсүз калгандар сыяктуу.

Коммуникация жана координация

Дүйнө барган сайын татаалдашып баратат. Демек, командада, компанияда, үй-бүлөдө же достор менен жакшыраак баарлашууну жана өз аракеттериңизди координациялоону түшүнүү маанилүү. Мен муну офисти ремонттоп жатканда билдим. Айталы адамдардын эмоциясы жана мүнөзү канчалык көп болсо, бирок пландаштыруу, сөз жана туура баарлашуу аз болсо, анда иштөө абдан кыйын болот экен!

Чечим кабыл алуу жана жоопкерчиликти алуу 

Такыр кабыл алынбаган чечимге караганда, туура эмес кабыл алынган чечимдер  жакшыраак!

Креативдүүлүк жана инновация

Албетте креативдүүлүк жумуш үчүн сонун болот деңизчи, бирок аны күнүмдүк турмушуңда дагы колдоно алсаң, анда жашооң кызыктуураак өтөт.

Ийкемдүүлүк жана сүйлөшө билүү 

Биздин бүт жашообуз сүйлөшүүлөрдөн турат: өзүбүз менен, үй-бүлөбүз менен, досторубуз менен жана жумушта! Сүйлөшүүлөрдө ийкемдүү болуу жөндөмдүүлүгү ар дайым жакшы жыйынтыкка алып келет. Мисалы, мен үч жылдан бери бир бош офисти байкап жүрөм. Аны мага ижарага бергиле, өзүбүз ремонттоп алабыз деп айтып көрдүм. Бирок кожоюндары макул болбой жатат. Алар, үч жылдан бери келбеген чет элдиктерди күтүп отурушат.  

А сизде кайсы жөндөм бар экен?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт