// //

Кайын атам, кайын энем менен көлгө барып көзүм ачылды

2022.08.11, 15:10
17754

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын икатын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Ызы-чуу болуп жатып акыры көптөн күткөн эс алуубузга дагы жөнөдүк. Узак жол. Бирок, мен узактыгын сезбедим. Кайын атам менен кайын энем эски ырларды эске салып келишти. Кайын атам рулда. Кайын энем жанында. Кайын энем баштайт, кайын атам улантат. Күйөөм болсо, тиземде шилекейин агызып уктап келатат. 

Жанагы ырдын коштоп үн чыгарган жерлери бар го. Ошонл жеринде кайын энем мага карап, "кана келиним, сен улант" дейт. Мени коштоп коем. Анан үчөөбүз каткырабыз. Үнүм баары бир аларга жетпейт экен. 

Кереметтүү көлүбүзгө келип түштүк. Номерлериибзге жайгашып алып тамактанганы жөнөдүк.

Быйыл жазында эле келин болуп келгем. Эмнегедир өз үйүмдө эле жүргөндөй болом. Баары мага тааныш, мамилелери жылуу. Бир дагы жолу үйүмдү сагынбадым. Ата-энем чалып таарынышат. Сагынган жокмун десем, ого бетер бултуюп трубканы басып коюшат. Чындыкты айтып жатам да, туурабы?

Кайын энем жакшы сүзө албайт экен. Кайын атам алыс баргандан коркот. Күйөөм экөөбүз көлдүн терең жерине чейин кетип калдык. Чарчап жээккке чыктык. Күйөөм дагы уйкуда. Мен кайын энем менен атама көз чаптырып жээкте жатам.

Кайын атам, кайын энеме сүзгөндү үйрөтүп жатты. Балонду кийгизип койгон. Эринбей ары чуркап тартат, кайра бери чуркайт. Бир маалда кайын энемдин буту карышып калды. Кайын атам суунун түбүнө кирип ушулап кирсе болобу. Анан кайын энемден биринчи жээкке чыгып сүлгүнү даярдады. Кайын энем чыгары менен чоң сүлгүгө жаш баладай кылып ороп, чачын кургата баштады. Отурганда жонуна күндөн коргоочу кремь сүйкөп берди. 

Жаныбыздан жүгөрү саткан байке өтүп баратты. Андан төртөөбүзгө төрт жүгөрү алды. Мен дароо жеп кирдим. Кайын атам кайын энемдин жүгөрүсүн бирден чыгарып берип отурду. Экөөнүн сөзү бүтпөйт экен. Күлүп эле бир нерселерди сүйлөшө беришти. Анан экөө ээрчишип, жанагы чоң "колесо обозренияга" түшкөнү кетти. 

Мен биринчи жолу ушундай мамилени көрүшүм. Жадакалса, атам апама мынчалык кам көрбөйт. Жүрөгүм башкача жылыды. Ата-энелерибиз ушинтип бизге үлгү болуп турса кана... Сүйүүнүн, сыйдын, түшүнүүнүн, барктоонун, колдоонун үлгүлөрү тигине балмуздак жеп келатышат.

Буйруса балдарыбыз ушундай адамдарды көрүп өсөрүн билип кудуңудап сүйүндүм. Күйөөм дагы эле тиземде уктап жатат. Эмнегедир тиземди кучактап уктаганды жактырат. Кебетеси кудум кайын атама ошкош. Балким, тигил жакта ээрчишип келаткан эки бактуу адам биздин карылыгыбыз. Ким билет (күлүп). 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кайын энем “келиниме машина алып бер” деп күйөөмдү урушту

Балам кошунабызды “менин атам ошо болсо сонун болмок” деп оозумду ачырды

Күйөөм апамдын байпактарын жууп жатса, кайын энем келип ызы-чуу салды

Үйлөнгөн досумду куттуктап барсам, көшөгөдө келинчегим отуруптур

376 тууганымдан көрбөгөн жакшылыкты делдең кулак кошунамдан таптым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт