// //

Элдин сөзүнө кирип аялым менен ажырашканыма өкүнөм

2022.08.11, 14:46
9936

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет окурманыбыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен чоң ката кетирдим. Эми минтип өкүнгөнүм менен баарын артка кайтара албайм. Баламды өз кучагыма кыса албайм. Түнкүсүн келинчегимдин жытына тойбой, жалгыз уктайм. Менин кур намысым, оюмду өзгөртпөгөнүм, мен айткандай болот дегеним, заман менен алдыга жылбаганым, эски ойлорум жашоомду бузду. 

Бир убакта үйгө келсем "аныңды кетир" деп келинчегимди жамандап тосуп алган туугандар жок. Баары унчукпайт, көздөрүндө күнөөсү бар экени билинип турат, бирок моюндарына алышпайт. Мындай караганда жеңишке жетишти, бирок сүйүнө алышпады. Жок, мен аларды күнөөлөбөйм. Бүт жоопкерчилик менде. Анткени мен бирөөнүн сөзүнө кирдим. 

Апам жамандайт. Жеңем жамандайт. Эжем жамандайт. "Силерге жакпаса сүйлөшпөй эле койгула, мага жагат" деп койбодум. Сонун, билимге умтулган аялымды ыйлаттым. Үйдө отурушун, мен каалаган, туугандарым каалаган нерсени жасашын кааладым. Бирок, бара-бара мага, өзүнө кызыксыз, өз оюу жок болуп калаарын билбедим. 

Баарыбызды сыйлайт. Туугандарыма барган сайын белек алат. Бирок, меникилер аны дагы көтөрө алышпады. Алып барганын жактырышпады. Келинчегим жумушунан көтөрүлсө көрө албай ушакташты. Жакшынакай кийинип, өзүн карап жасанып жүрсө көрө албай ушакташты. Мен баарын көрүп турдум. Унчукпадым. 

Мен бактысызмын. Аялым бир келген жашоодо аны сыйлаган, колдогон, өз оюн бирөөгө таңуулабаган адам менен жашагысы келерин айтты. "Кете бер!" деп бакырдым. Сүйлөшүүгө чакырды. "Кете бер!" деп бакырдым. Кетти. Өкүндүм.

Аялы менен күйөөсү ар дайым бирин-бири колдоп турушу керек. Эч качан өз оюн таңуулап сен мындай бол дебеш керек. Ачык сүйлөшкөндү билиш керек. Укканды билиш керек. Бирөөсүн бирөөсү басынтпаш керек. Кол кармашып бир орунда тура бербей өнүгүш керек. Аттиң, мунун баарын кеч түшүндүм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Жигитим экөөбүз гинекологго текшерилгени кирсек дарыгер жашып жиберди

Аялым бир күн чалбай койду эле үйгө чуркап келдим

Карындашы бар эркектерге менин окуям сабак болот деп ойлойм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт