// //

Аялыма бул нерсени жасай баштагандан бери пачкалап акча санап калдым

2022.08.05, 15:32
16863

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Колумда бир пачка акча. Аны санап отургам. Анан оюма, шап бир нерсе келди. Мурда бир тыйын таппай, жумушка жөө кетип калчум. Кызык, жашоом эмнеге оңолуп кетти? 

Жеткен сараң элем. Бир тыйынга чейин санап жүрчүм. Элестеткиле, бир кыз менен төрт жыл сүйлөштүм. Төрт жыл ичинде ага бир гана жолу гүл бердим. Ал гүл дагы досумдун тоюна барып, коноктордон калган гүл эле. Азыр эстесем күлкүм келет. 

Мен канчалык сараң болгон сайын, жумушум жүрүшпөй, балдар ачка калып, аялымдын кабагы бүркөлчү болду. Бирок, дарак бир орунда тура берет, мен дарак эмесмин, өзгөрүүгө убакыт келди дедим дагы, өзгөрдүм.

Азыр айткандарыма күлүшүңөр мүмкүн, бирок бул чын экен. Эркектер энергияны аялдардан алат экенбиз. Жубайларыбыз жаркылдап күлүп, маанайы ачык болуп, жыргап жүрсө бизге жакшы экен. Баса, анын маанайын алышыбыз керек, албай туруп эле күл дей берген болбойт да, туурабы?

Жүрөгүң сүйүп алган айымыңа бир нерсе берсең, ал сага он эселеп кайтып келет экен. Чын. Мына, мен аялыма себепсиз белек берип, анын көңүлүн көтөрө баштагандан бери ишим оңолду. Кадимкидей оңолду.

Ал ар дайым күлүп жүрөт, мага жылуу мамиле кылат, дем күч берет дегендей.  Ал жаркылдап жанымда жүрсө, мен өзүм эле андан энергия алып, дагы кубанткым келип, жумуштарым оңоло баштады. Үйгө бат баргым келет, тапканыма дароо келинчегиме белек алам, ырымдап, анан калганын үйгө жумшайм. 

Досторумду билем, байкуш аяшкалардын башы көр тириликтен чыкпайт, кары дагы көрүнүп калышты. Ананчы, досторум бир жардамдашып, белек бергенге жарабаса, кантип алардын иши жүрүшмөк эле. Досторума айтсам ишиншпей койду. Макул, кыстабайм, эң негизгиси жубайым экөөбүз бактылуубуз. 

Үйүңөрдө аялыңардын күлкүсү жаңырса, мына силердин ийгилигиңер. Сараң болбогула, чын жүрөктөн сүйүктүүңөрдү кубанткыла. Алар сүйүнсө, ишиңер жүрүшөт экен.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт