// //

Жок дегенде 5 жылда бир жолу бул нерсени жасап туруңуз

2022.08.04, 16:28
2804

Ололо коворкинг сеттеринин негиздөөчүлөрүнүн бири Данияр Аманалиев эмне үчүн "перезагрузка" кылып, мээни бошотуп туруу керектигин айтып берди. Видеону толугу менен бул жерден көрө аласыз. 

Мага ар кандай ситуациядан сабак алганга – "рефлексия" жөндөмү жардам берет. Бул эмне болгон жөндөм экен деп калдыңызбы? Кеп өзүңө сырттан көз жүгүртүп, болуп жаткан окуядан кандай сабак алса болорун ойлонуу тууралуу болуп жатат.

Рефлекциянын эң сонун жери - бул "перезагрузка". Бул нерсе кээде бизге аябай зарыл. Анткени, эмне гана жумуш кылбагын, кызыктуу болгонуна карабастан, жанагы компьютердеги ачык файлдар сыяктуу топтоло берет дагы, күнүмдүк турмушуңду толугу менен ээлеп алат. Андан кийин бул нерседен суурулуп чыгуу татаалдашат. 

"Перезагрузка" жашоонун бир этабы. Бул учурда сен агым менен кошо агып, бар болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарына "ооба" деп жооп берип, өзүңдө калыптанып калган эрежелерди кайрадан текшерип чыгасың. Баса, диванда жатканды элестетип албагыла, андай эмес. 

Менде дагы ушундай учур болгон. 12 жыл иштеген компаниямдан кеткенде,  Ololo’ну негиздегенге чейин, өзүмө бир ай убакыт бергем. Бул бир ай ичинде мурда кыялдаган жана өзүмө тыюу салган нерселерди жасап, болгон сунуштардын баарына "ооба" деп жооп берип жаттым. Жыйынтыгы абдан сонун болду. Баалуулуктары, табияты башкача болгон Ololo негизделди. 

Бир ай бою мурда норма деп эсептеген нерселеримден четтедим, өзүм суктанып жүргөн адамдарды кофеге чакырып, алар менен идея алмашып, эмне кыларымды айтып, алар эмне кыларын сурап баарлаштым. 

Бул период так дедлайн койгонум үчүн пайдалуу болду десем жаңылышпайм. Айталы, компаниядан кетип жатканда өзүмө бир ай, 2016-жылдын 1-февралына чейин  "перезагрузка" кылам, кийинки жашоом кандай болорун чечем деп так датаны белгилегем. Дедлайн болгону үчүн мээм жыйынтыкка жетүүгө багыт алды. Жыйынтыгы мөмө берди.

Дедлайн койбой туруп "перезагрузка" кылган адамдарды билем, алар комфорттун сазына кирип, кийин чыга алабй кыйналышат. 

Ошондуктан, жок дегенде 5 жылда бир жолу "перезагрузка" кылып турууну сунуштайм. Бирок, сөзсүз так датасы менен болсун. Ошондо өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгасыңар. 

А сиз "перезагрузка" кыласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт