// //

Аялын катуу сүйгөн күйөө, эмнеге келинчеги ачууланса унчукпай турганын айтты

2022.08.03, 13:21
6846

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Акыркы жылдары коомубуздагы аялдардын ордун, аларга карата болуп жаткан зомбулуктарды көрүп, аялзатына жакшы мамиле кылуу кыйынбы деген ойго келдим. Акыры өзүмдүн келинчегиме кылган мамилем жөнүндө айткым келди. 

Үй-бүлөдө казан-аяк кагышат, бирок баары чеги менен болуш керек.

Өзүм жөнүндө кыскача айтсам, жашым эки жогорку жайды аяктагам, кесибим боюнча иштейм, кыскасы, юристмин. Турмуш курганыбызга сегиз жыл болду, үч баланын ата-энесибиз.

Аялымды сүйөм, бул сүйүү менин жүрөгүмдө жана аң-сезимимде жайгашкан.

Ар бир адамда кемчилик болгондой эле, менде да, аялымда да кемчиликтер бар. Бул кемчиликтерди оңдогонго аракет кылса болот, маани бербей жашаса дагы болот. Роза гүлүн тикенине карап жактырбаган адам анын жатынан куруу калат дегендей, а мен жубайымды кемчиликтери менен сүйөм. 

Сегиз жыл ичинде эсте калчудай болуп урушкан жокпуз. Анткени биз, “эгерде мен жинденсем сен жинденбейсиң, сен жинденсең мен жинденбейм”,- деп келишип алганбыз. Бирок, идеалдуу эч нерсе жок, кээде экөөбүз тең ачууга алдырсак, мен өзүмдүн ачуумду басканга аракет кылам. Аялым ачууланып турган кезде менин сөзүмдү укпашын жакшы билем, ошондуктан ачуусу тарагандан кийин сүйлөшүүнү туура деп эсептейм.

Кесибиме байланыштуу ар түрдүү адамдар менен жолугушам: зомбулукка учураган, ажырашып жаткандар ж.б Алардын баяндарын угуп отуруп, көп учурда чыр-чатактын себеби ортодо түшүнбөстүктүн жоктугу же түгөйлөрдүн бирөөсү түшүнүүгө аракет кылбаганы экенин байкадым. Бул нерсе мени аябай өкүндүрөт. 

Аялым экөөбүз тең орусчаны мыкты билбейбиз. Бирок, бир дагы жолу бири-бирибизди шылдыңдап, капа кылган жокпуз. Кайра чогуу отуруп алып үйрөнөбүз, ал билгенин мага, мен билгенимди ага айтам. 

Үй-бүлөлүк шартына байланыштуу келинчегим тогузду бүтүп окубай калган экен. Экөөбүз баш кошкондо, "сен эки окуу жайды бүттүң, а менин билимим жок",-деп менден өзүн төмөн кое берерин байкадым. Сүйүктүүмдүн менин алдымда басынышын каалабадым. Окуу жайга тапшыруусуна жардамчы болуп, контрагын төлөп, абалды оңдоп кеттим. "Аялдын орду үйдө, окутуп эмне кыласың",-дегендер көп эле болду. Эч кимди укпадым. Аялымдын билимге болгон умтулуусун колдоо, анын басынган эмес, жылмайган жүзүн көрүү мен үчүн баарынан бийик турат. 

Менин айтарым, жубай болгондон кийин бири-бириңерди колдогула, кемчилигин жашырып, жакшылыгын арттыра билгиле, сүйлөшүп диалог түзгүлө, түшүнгүлө, эч качан бири-бириңерди басынтпагыла. Колубуздан баары келет, болгону каалоо керек. Мына ошондо бактылуу болосуңар. 

Мен сени сүйөм балдарымдын апасы!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт