// //

Күйөөгө тийгенден аябай корком. Болочок балдарыма кантип ата тапсам?

2022.08.03, 13:00
960

Мен кичинекей кезимде эле ата-энем ажырашып кетишкен. Апам менен калгам. Атам ушу күнгө чейин бизден кабар албайт. Атама катташалы деп көп ирет сурандым. Ал такыр болбой койду, дагы деле мага таш боор мамиле жасайт.

Мен эми чоңоюп, бой жеттим. Көп кыйынчылык көрүп өстүм. Келечекте балдарымдын мага окшоп кыйналышын каалабайм. Ошондуктан болочок балдарымдын атасын туура тандагым келет.

Ошол эле учурда күйөөгө тийгенден аябай корком. Балким, жаңылып калып, өмүр бою өкүнүп, же кыйналып жашасап калсамчы, деп.

Эркек балдардан корком, алар менен сүйлөшө албайм. Кантип аларга ишенип, сүйүп, жакшы көрсөм болот?

Өзүмө койсо, үй-бүлө курбай эле жүрө бергим келет.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
03.08.2022, 13:01

Эльвира Чокоева

Психолог

Келечекте балдарыңыздын тагдыры сиздикиндей болуп калыштан абдан корко турганыңызды жаздыңыз. Демек, болочок балдарыңыз үчүн аталыкка жарай турган талапкер издеп жатасыз. Сиздин тандооңузга коркуу жана ишенбестик сезимдери таасирин тийгизип жатат. Ошол эле учурда өзүңүздү жигиттерди жакшы көрүүгө алар менен сүйлөшүп, мамиле курууга мажбурлап жатасыз. Бирок, сизге эч кимиси жакпайт. Эч кимди жактырбаган кыялыңыз үчүн өзүңүздү жемелейсиз, урушасыз.

Айтыңызчы, сиз ар дайым өзүңүздү бир нерсе кылууга кыйнайсызбы?

Алгач атаңызды кечирүүгө аракет кылыңыз. Бул аны менен кабарлашып, катташып, аны жакшы көрүп, мыкты мамиле кургула дегендик эмес. Башкысы ага болгон таарынычыңызды кое бериңиз.

Эгер бул нерсе ишке ашса, кадимкидей жеңилдей түшөсүз. Таарынычтар адамдын күчүн, энергиясын жана ден соолугун алып коет. Андан көрө, ошончо күч-кубатты сизге пайда жана кубаныч алып келе турган багытка буруңуз.

Жигиттер жөнүндө айта турган болсок, жаныңызды кыйнабаңыз. Биринчи  өзүңдү, жан дүйнөңдү жеке каалоолоруңду тыншап, тушүнүүгө аракет кылыңыз.

Жигиттер менен сүйлөшкөндө кандай сезимдер пайда болот? Жакшы мамилеге, кам көрүүгө, сүйүүгө өзүңүздү татыктуумун деп эсептейсизби?

Эч нерсе боло электе эле, бул жигит кандай ата болот экен, деп шашылуунун зарылчылыгы жок. Жөн гана баарлашып, сүйлөшүп эркек балдардын ички дүйнөсүн көрүүгө, аны инсан катары кабыл алууга аракет кылуу керек.

Болочок балдардан мурун өзүңдү, өзүңдүн керектөөлөрүңдү ойлоо зарыл.

Эгер кандайдыр бир адамдын жанында өзүңүздү бош, эркин, жайдары сезсеңиз, ал адамды көргөндө бактылуу болсоңуз, демек бул сиздин киши.

Бир формула ар дайым эсиңизде болсун: Бактылуу эне = бактылуу балдар.

Ийгилик!

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт