// //

Апамды 10 баласы менен таштаган атам бутубузга турганда кайтып келди

2022.08.02, 17:27
17781

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

Редакциябызга келип түшкөн бул айымдын катында атасына болгон таарынчы тууралуу баяндалат. Эскертүү: каармандардын аты өзгөртүлдү.

"Өлүп калат деп апамды кайтарчубуз"

Бир бөлкөнү 11 адам болүп жечүбүз. Кургак чай калбай калганда кайнак сууга кант кошуп ичип алчубуз. Курман айтты аябай күтчүбүз. Себеби, кошуналар мал сойгондо садакага эт беришчү. Айтор, атам таштап кеткенден кийин турмуш бизди эрте чоңойтту.

Апам байкуш көп ооруйт эле. Төшөктөн туруп басып калса аябай сүйүнчүбүз. Сиңдилерибиз менен кезектешип түнү менен апамды кайтарганыбыз дале эсимде. Ар дайым оор дем алчу, өлүп калат деп коркоор элек.

Жай келээри менен байкемдер талаага барып кулпунай терип иштесе, мен сиңдим менен базарга чыгып жарма сатчумун. Тапкан акчаларыбызды чогултуп, макарон, туз, ун, чай жана апама даары сатып алчубуз. Баарыбыз мектепти мыкты окудук. Намыстанып, улууларыбыз кичүүлөрдүн сабагына жардам беребиз. Мектептен мугалимдер бизди макташчу. Эч кимге эптеп жан багып жүргөнүбүздү билдирчү эмеспиз.

“Атаңар мындан ары биз менен жашабайт”, апамдын атам тууралуу акыркы сөзү ушул болду. “Эмне үчүн?” деп сураган жокпуз. Бир нерсе болгонун байкап турдук. Атам биз менен коштошпой кетип калыптыр.

Ойлоп көрсөм, апам бир да жолу атамды бизге жамандабаптыр. Бирок, баарыбыздын ичибизде атама болгон таарыныч бар эле. Алгачкы жылдары келип калар деп күттүк. Эшик тыкылдаса эле чуркап чыгабыз. Аттиң, андай болбоду. Кийин атам үйлөнгөнүн уктук.

Улуу эки байкем мектепти бүтүп жатканда атам келди. “Университетке тапшыргыла, окууңардын акчасын төлөп берем”, - деп үйгө кирбей эле кетип калды. Кантип жашадыңар? Кыйналган жоксуңарбы? Апаңар кандай? Курсагыңар токпу? Сураган жок.

Бир жылдан кийин мен мектепти аяктадым. Университетке тапшырдым. Атам окуубуздун акчасын төлөп койгон. Эки байкем сабактан кийин тигүү цехинде үтүкчү болуп иштешчү. Жол киремди ошолор беришчү. Кийин аларга кошулуп, мен да цехке кирип алдым. Окуубузга да жетишип, апабызга, үйдө калган бир туугандарыбызга да жардам берип жаттык.

Байкелерим университетти бүтүргөндөн кийин жакшы жерге жумушка киришти. Мени да чет элдик фирма ишке чакырды. Байкемдер болуп апамды шаарга көчүрүп келдик. Турмушубуз оңоло баштады.

Учурда бир компанияда жетекчимин. Турмушка чыккам. Эки баланын апасымын. Байкемдер үйлөнүшкөн, жеке бизнес менен алектенишет. Калган бир туугандарым чет жакта окуйт, иштейт. Баарыбыз бири-бирибизге каралашып турабыз. Апам жаныбызда.

Атам мурда жакшы жерде иштеп, көп акча тапчу. Кийин жумушунан бошоду. Көп өтпөй экинчи аялы таштап кетти. Ошондо апам менен жарашам деп үйгө келди. Он бир тууган баарыбыз апама жолотпой, үйгө киргизбей койдук.

Башка бир туугандарымды билбейм, бирок мен атамды жек көрөм. Карып, жүдөп калганын көргөндө боорум ооруйт, кайра бизди таштап кеткенин эстегенде ачуум келет. Бул таарыныч күндөн-күнгө оорлоп барат. Ооба, бизди окутту, мунусуна рахмат. Бирок, бул жакшылыгы да мени жибите албады. Айтыңызчы, мен эмне кылсам жүрөгүм жеңилдейт?

Адис эмне дейт

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Тилекке каршы ар дайым эле балалык биз каалагандай өтө бербейт. Өзгөчө атаңыз сыяктуу эң жакын адам чыккынчылык кылганда, кечирүү оңой эмес. 

Атаңыз эмне үчүн апаңыздан кетүүнү чечкени тууралуу бүт окуяны толук билбейсиз. Адатта, ажырашууга эки адам тең күнөөлүү болуп саналат. Алар туш болгон кырдаалды чоң адамдын көз карашы менен карап көрүүгө аракет кылыңыз.

Азыр сиздин ичиңизде атасына доосу көп, аны кечүүрүүнү каалабаган кичинекей таарынган бала отурат. Ал эми сиздин бой жеткен бөлүгүңүз, атаңыз окууңуздун акысын төлөп бергенин, таарыныч менен жашоо оор экенин түшүнүүдө. Жыйынтыгында көп энергияны талап кылган, ички күрөш жүрүп жатат. 

Ичиңизде топтолгон ачууланууну үстүнөн баспай, аны жашап өтүү керек. Атаңызды кечирип жана кабыл алууга милдеттүү эмес экениңизди унутпаңыз. Бул этапта өзүңүздү бир нерсе кылууга мажбурлоо кереги жок деп ойлойм.

Атаңызга кагагзга кат жазып, эмоцияңызды чыгарып ыйлап, анан аны өрттөп жиберсеңиз болот. Кечиримдүүлүк убакыттын өтүшү менен, качан ичиңизде нааразычылыкка каршылык көрсөтүүгө күч калбай калганда келет. 

Эльвира Чокоева менен инстаграмдагы @elvira_psiholog аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн төрт жашар кызы мени “мастан кемпир” дечү

“Туубас катын” дешип келиндер мен колдонгон буюмдарды кармашчу эмес

Кайын энем мени конокко жибербей койсо, күйөөм өзү кетип калат

Алты кыздын атасы болгондон бери уктабай калдым

Кызымды күйөөсү менен жаныма алып калганыма өкүндүм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт