// //

Жүдөгөн келинчегимди сулуу кыздарга алмаштырганым үчүн өкүнөм

2022.08.01, 13:23
7407

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет мырзанын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Саламатсызбы урматтуу окурман! Мен дагы башыман өткөн окуяны жазайын деп чечтим. Меникиндей турмушту эч кимге каалабайм!

Анда эмесе, сөз башынан болсун. Жубайым экөөбүз 4 жыл сүйлөшүп баш коштук. Эки жылдан кийин уулду болдук. Келинчегим бала менен үйдө отуруп кадимкидей жүдөй түштү. Анан баары башталды.

Бирок мага кылган мамилеси мурункудай эле. Убагында түшкү жана кечки тамакты жасап күтөт. Кокус мен кечиксем өзү жебестен күтүп отурган болот. А мен эмне кыла баштадым дебейсиңерби? Сүйүнгөндүн ордуна ачуум келип, мени күтпөй жей берчи деп кагып баштадым.

Ошол убакта жумуштагы жаш кыздар көзүмө сулуу, жаш көрүнчү болду. Мен мурункудан өзгөрүп, аялыман көп нерсени жашырып баштадым. Бир кыз менен кичинеден сүйлөшкөнүмдү дегендей. Аялымдын "сагындым сени", "сен жумуштан келгенде сүйүнөм" деген сөздөрүнө маани бергим келбей калды.

Күндөр өтө берди. Кечинде "мени карап жатчы", "кучакташып уктайлычы" десе дагы кагып-силкип калдым. Ал учурда байкачу эмесмин. Бир күнү балабыз катуу ооруду, кусуп, ичи өтүп. Анан чарчап калды. 

Урушубуз мурункудан дагы күчөп акыры ажырашууну туура көрдү. Мен экинчи ирээт турмуш курдум. Баары бир биринчи аялыма эч нерсеси жетпей койду. Алтынымды аябай сагындым. Көрсө ошол убакта сокур болупмун, сулуу кыздарды карап.

Азыркы убакта экинчи турмушум менен тууган уруктан уялганым үчүн жашайм. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Кечир мени! Сен азыркы убакта бактылуу болсоң керек! Бактылуу болушуңду мен абдан каалайм!

Меникиндей турмушту эч кимге каалабайм!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт