// //

Кыздуу болгондон кийин аялымды сыйлап калдым

2022.07.25, 17:55
5003

Bilesinbi.kg жаштар долбоору ар бир келген суроолордун анонимдүүлүгүн сактап, тиешелүү адистерден бекер жооп алып берип келет.

“Периштем”, “Момпосуйум”, “Күчүгүм”, “Коёнегим”, “Жүрөгүм”, “Ханбийкем”, “Берекем” ж.б. Кызымды эмне деп гана эркелетпейм. Атайын ойлоп чыкпайм, аны көрөр замат оозуман өзүнөн-өзү эле бал аралашкан сөздөр куюла баштайт.

Мойтойгон колдору менен бетимди кармаганда эзилип кетем. Жаңыдан басканды үйрөнүп жатат. Кокус кулап түшсө, жүрөгүм оозума кептелип калат. Кооз көйнөгүн кийип алса, баарынан кызганам. Кучагымдан чыгаргым келбейт.

- Атооу!

- Атаң сенден айланып кетсин кызым!

- Атооу!

- Жаным менин келегой!

Үч уулум бар. Үчөө тең тентек. Мектепке баргандан уялам. Бул ирет эмне кылышты экен деп жеткиче сабырым түгөнөт. “Ай, кебетең кантет?”, бул сөздү күн сайын жок дегенде жүз жолу айтсам керек. Байкуш апасы аркаларынан эле тазалап жүрөт. Бирок, үчөө тең спортсмен. Бири – мушкер, экинчиси – футболист, үчүнчүсү – баскетболист. Үйдө медаль иле турган жер калбай калды. Менин сыймыктарым.

Кыздын атасы болуу – айтып бүткүс чоң бакыт!

Кызым атасынын аялзатына болгон мамилесин өзгөрттү. Эң негизгиси аялымды мурункудан да катуу сыйлап, мурункудан да катуу сүйүп калдым. Кызым үчүн күн сайын рахмат айтам. Мени кыздуу болгон эркектер гана түшүнөт.

“Атта!”, “Аттаа!”.

- Жылдыз, Жылдыз, бол тез кел.

- Эмне болду? Тынчылыкпы?

- Уктуңбу, кызым “ата” деди, “ата” деди.

- Иий, болтошкам десе.

Тилегим ишке ашып, кызымдын биринчи сөзү “ата” болду. Дос-туугандардын баарына жазып сүйүнчүлөдүм. Ушунчалык сүйүндүм дейсиңер, эшикке чыгып бакыргым келди. Аялым кармап калды (күлүп).

Муз жүрөгүмдү жибиткен, жашоомо жаңы дем берген  - кызым! 

Кээде коркунучтуу түштөрдү көрөм. Мына, кечээ эле түшүмө бир жигитти сабап жатканым кирди. Эмне үчүн дебейсиңерби? Кызыма “сени сүйөм” деп айтыптыр. Эртең менен туруп алып аны эстеп дагы ачууландым. Аялыма айтсам, “ал күндөр алыс эмес”, - деп күлдү.  

Кыздуу болгондон кийин жаңы кесиптерге үйрөндүм: тигүүчү, чач тарач, ашпозчу, актер ж.б.  Мурда дүкөнгө эт алганы эле кирсем, азыр бантик, куурчак, көйнөктүн жанынан жөн өтпөйм. Мен үчүн кызым менен өткөргөн ар бир мүнөтүм баалуу. Жуунтам, жомок айтып берем, жашынмак ойнойбуз, чогуу уктайбыз, апабыздын ачуусуна тиебиз.

Жумуштан келсем чуркап тосуп чыгат. Кээде уктабай мени күтүп отурат. Ушул мүнөттөрдүн даамын сезүү үчүн үйгө шашам.

- Оо, кандай дос! Кайда шашып!

- Кандай! Үйгө.

- Токточу, өзгөрө түшкөнсүңбү дейм. Бактылуудай көрүнөсүң. Жашарып да  калыпсың. Көздөрүң да жайнайт. 

- Кыздуу болгом!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Таенеме жашоодон тажадым десем, сабиз, жумуртка алып чыкты. Сабак болчу окуя

Биринчи этек кирим келгенде апам ким менен жаттың деп урган

Депутат байке окууга өткөрөм деп алдап кыздыгымдан ажыратты

Кайын энем күйөөмдүн турсийин өзүм жууйм деп талашат

Аялымды каалабай калдым деген эркектер сөзсүз окушу керек

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт