// //

“Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”

2022.07.25, 09:38
1019

- Сен согушка каршысыңбы? А сегиз жыл кайда жүрдүң эле?!

- Оозуңду жаап! Мен сегиз мурун деле согушка каршы болчумун!

Орусиянын Украинанын аймагына кирип барып, тынч украин жарандарын өлтүрүп жаткан орус бийлигин агрессиясын актагандардын тун сөзү “Сегиз жыл кайда жүрдүңөр эле?!”. Бул сөздү азыр кремилдик пропогандага сугарылган орус жарандары (бир эле орус жарандары эмес, алардын ичинде кыргыздар деле бар) туш келди эле колдонуп, согушту, орус бийлигинин агрессиясын айыптагандарга каршы “аргумент” катары келтиришет. Бирок бул абдан күмөндүү аргумент.  Орус пропогандасынын “сегиз жыл кайда жүрдүңөр” деген риторикасы, кыргыз бийлигинин “отуз жыл чыдабадыңар беле” деген риторикасына окшош. Жана бул апачык манипулдоо, жалган маалымат, эмоция аркылуу элдин аң-сезимине ойно, талкууну маселенин өзөгүнөн алыстатып, кагылышка алып келүү.

Бул сөз кайдан пайда болгон?

2022-жылдын 21-февралында орус президенти Владимир Путин ДЭР жана ЛЭР көз карандысыздыгын таанып, андан үч күн өтпөй орус армиясы Укрианга кол салууну баштаган. Муну Путин “атайын операция” деп атап:

“Мен тараптан атайын операция жүргүзүү боюнча чечим кабыл алынды. Анын максаты: сегиз жылдан бери киев режими тараптан кордолуп, кыргынга учурап жаткан адамдарды коргоо”, - деп айткан.

Ошол маалда социалдык тармактарда көп адамдар, аларды ичинде белгилүү орус жылдыздары, коомдук ишмерлер Орусиянын согуштук аракеттерин айыптап,  #НетВойне!деген хэштег пайда болгон. Ага жооп катары “Сегиз жылдан бери Донбассты бомбалап жатканда кайда жүрдүңөр эле?!” деген бир типтүү комментарийлер жайнады. Аны жайылткандардын арасында ырчы Николай Басков, журналистка Тина Канделаки, Маша Малиновская, Дана Борисова, блогерлер Курбан Омаров, Амиран Сардаров сыяктуулар бар. Алар жарыялаган пост жана жазган комментарийлердин баары өңчөй «8 жылдын» тегерегинде.

2014-2022-жылдар аралыгындагы Донбасстын жашоочуларын геноцид кылуу жөнүндөгү билдирүүлөр

“Сонку 8 жыл ичинде кайда элеңер?” деген тезистин негизги аргументтеринин бири, 2014-2022-жылдардагы 8 жыл бою ДЭР менен ЛЭР деп өзүн өзү жарыялап алган аймактардын жашоочулары Украина тараптан  геноцидке учурап келишкен деген билдирүү болуп саналат. Көптөгөн көз карандысыз иликтөөчүлөр 8 жыл ичиндеги аскердик конфликттин далилдерин, статистиканы изилдеп көрүп, бул билдирүүнун чындыгын тастыкташкан жок. Негизги бүтүмдөр:

  • Карапайым жарандардан эң көп жоготуу болгон учур активдүү согуштук аракетер орун алган 2014 жана 2015-жылдын айрым учурларына туура келет.
  • БУУнун 2021-жылдын 18-октябрындагы отчетуна ылайык, карапайым калк арасындагы жоготуулардын 60% 2014-жылга, 28%  2015-жылга туура келет, алардын 40%дан 55%га чейини кол салуучулук эмес куралдан (жерге орнотулган мина, миномёттук миналар) көз жумган.
  • Ушундай эле баасын башка уюмдар да беришкен, маселен конфликт болгон аймакта өкүлдөрү бар ЕККУнун Атайын мониторинг миссиясы. Жогоруда аталган отчетко ылайык, мерт болгондордун 20%дан 35%га чейин Украинанын көзөмөлүндөгү ДЭР жана ЛЭР аймагында куралчан кол салуудан каза тапкан.
  • Аскердик конфликттин катышуучулары тарабынан шаар ичиндеги кармаштарды массалык зыянга учуратуучу куралдарды колдонуу менен жүргузүү тактикасы аскердик аракеттер жүрүп жаткан зонада жашаган карапайым адамдарга алда канча көп коркунуч келтирет. Мындай тактика ДЭР жана ЛЭР аскердик топтору тарабынан колдонулган.

Сүрөттөлгөн себептер карапайым адамдардын мерт болушунда негизги ролду ойногон жана геноцид деген аныктамага туура келбейт.

Кайтарым реакциялар

DOXA журналы өзүнүн "Үй-бүлөдөгү жана жумуштагы аскердик аракеттерге каршы талаштар учун маалыматнаама" аттуу баяндамасында (бул үчүн журналга блок коюлган) "8 жыл" деген тезис тууралуу мындайча ой калчаган: "Айрымдарыбыз өспүрүм болчубуз, кээ бирлер эч кандай позицияга ээ эмес болсо, кээ бирлер саясат менен кызыккан эмес, а кимдир бирөөлөр Украина менен согушка каршылык көрсөткөн. Мунун баары маанилүү эмес, эң маанилүүсү, азыр кандайча аракеттенебиз."

Deutsche Welle жасаган фактчекингде РФнын ТИМнин маалымат жана басылма департаментинин Директору Мария Захарованын посту талданган, анда "Донбасстын карапайым жашоочулары жок кылынып келген сегиз жыл ичинде дүйнөлүк коомчулук үн каткан жок" деп айып тагылат жана "согуштун башталышына Украина күнөөлүү" деп айтылган. Deutsche Welle Захарованын бардык билдирүүлөрү төмөнкү негизде жалган деп атады: Россия менен Украинанын ортосундагы согуштун хронологиясын түзүп, 8 жыл мурда Россия менен Украинанын ортосундагы чатакты Крымдын аннексиясын баштап жана Украинанын чыгышындагы сепаратисттик кыймылдарды колдоп орус тарап баштаганын, бул эл аралык нааразылыкты жаратканын деп билдирди. Ал эми чыгыш Украинанын калкынын максаттуу түрдө жок кылынганына Россиянын орус тышкы иштер министрлиги далил келтире алган эмес.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт