Сүрөттү карап сүйүү мамилесинде кандай экениңизди билиңиз
Салам окурман! Сүрөттү карап биринчи эмнени көргөнүңүздү комментарийге жазыңыз. Сиз көргөн сүрөт сүйүү мамилесинде кандай экениңизди билдирет. Сүрөттү 3-5 секунд гана караңыз.
Пейзаж
Сиз кандайдыр бир деңгээлде мамиледен колдоо күтөсүз. Болбоду дегенде мотивация алгыңыз келет. Сүйүктүүңүздү кыйын учурда колдоп, андагы ишеним сезимин ойготуп, ага кандайдыр бир маанилүү иштерди жасоого түрткү бергениңиз табигый нерсе. Бирок ал адам сизге дагы ушундай мамиле жасоосун күтөсүз.
Аялдын жүзү
Бул сүрөт мамиледе эмоцианалдуу адам экениңизди билдирет. Сүйүктүүңүз жок дегенде сезимдериңизди түшүнүп, аларды сыйлашын каалайт экенсиз. Сиз үчүн эмоциясы жок, түгөйлөр бири-бирин сыйлабаган мамиле - бул мамиле эмес. Анткени сиз чын ыкластуулукту жана ачыктыкты баалайсыз.
Деңиздеги яхта
Эркиндикти жана ага байланышкан ишеним менен жеке мейкиндикти сүйөсүз.
Көз карандысыз адамсыз. Мамиледе адам өз иш-аракеттери үчүн отчет берүүгө милдеттүү эмес деп эсептейсиз. Кызганыч сиз үчүн эң жаман сезим.
Кеткиси келген жакын адамды чынжырлап байласаңыз дагы кармай албашыңызга ишенесиз. Сүйүктүүңүзгө ишенүү - сүйүүнүн маанилүү көрүнүшү экенине ынанасыз.
Тест жактыбы? Башкалар менен бөлүшкөндү унутпаңыз!