// //

Бул 5 себеп эмнеге акча чогултай албай жүргөнүңүздү билдирет

2022.07.21, 15:26
11092

Ар бир айлыктан кичине алып коем деп айта берип тажадыңызбы? Акча чогултуп баштасаңыз эле бир көйгөйлөр чыгып калабы? Же жөн эле чогулта албай жүрөсүзбү? Анда себебин төмөндөн окуңуз.

Кирешеңиз өтө аз

Сиздин бир гана киреше булагыңыз. Анысы аз келгенсип, ал кирешеңиз айлык муктаждыктарыңызга зорго жетет. Май болсо туз жок, туз болсо нан жок дегендей. Анан кантип чогултмак элеңиз, туурабы? "Айлыгым аз, ошон үчүн акча чогултпайм" деп шылтоо айтып отура бергенден пайда жок. Алгач кирешени көбөйтүү керек. Ойлонуңуз. 

Аз кирешеге көнүп калгансыз

"Акча жок" деп айта берип, акыры өзүңүз ошого ишенип калгансыз. Анан үнөөмдөөнүн ордуна, бат эле багынып берип койгонсуз. Акчаны үнөмдөөгө болобу же жокпу, чыгымдарды изилдегенден кийин гана билинет. Чыгашалардын тизмесин түзүп, баарын карап чыгыңыз. Баш тарта турган чыгашалардан баш тартыңыз. Аракет кылбасаңыз, бирөө сизге алып келип бербейт. 

Акчаны кантип сактоону билбейсиз

Акча сактаганды, кадимкидей эле басканды, кашык кармаганды, окуганды үйрөнгөн сыяктуу үйрөнүш керек. Туруп-туруп эле акча топтой баштабайсыз. Китептерди окуңуз, интернеттеги эксперттердин видеосун көрүңүз. Мүмкүнчүлүктөр толтура, азыр "жок" деген шылтоо айтуу уят. 

Акчаны кир деп ойлойсуз 

Байларды жек көрөсүз. Акчаны колдун кири дейсиз. Оюңузда көп акча, бул жаман деген ой жатат. Булардан дароо арылыңыз, болбосо акча топтой албайсыз. Сиз деле баарына татыктуусуз. Балээнин баары башта экенин унутпаңыз. Акчага сый мамиле кылыңыз. 

Максатыңыз жок

Эмне үчүн жасап жатканыңыз түшүнүксүз болсо, үнөмдөө кыйын болушу мүмкүн. Ошондуктан, акчаны эмне үчүн сактап жатканыңызды түшүнүү маанилүү. Анын үстүнө, бул абстракттуу максат эмес, ага жетүү үчүн конкреттүү план коюңуз. Мисалы, сиз кыялданган эс алуу үчүн акча топтоп жатасыз. 100 миң керек. Билеттердин баасы канча экенин билип эле тим болбостон, ай сайын канча бөлүү керек экенин жазып, план кантип жылып жатканын байкап турсаңыз жакшы болот. 

Эң көп канча акча топтодуңуз?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт