// //

Атаң менен апаң басынтса, бул нерселерди жаса

2022.07.21, 11:51
816

Салам достор! Психолог Эльвира Чокоева, атасы же апасы ар дайым басынта берген окурмандарга кеңеш берип, бул абалдан кантип чыкса болорун айтып берди. Сөзсүз окуп, жакындар менен бөлүшкөндү унутпаңыз.

"Эмне болуп кийинип алып, кайда баратасың!", "Колуңдан эмне келмек эле", "Эби жок адамсың да!" ж.б. Ата-эне ар дайым эле сүйүүнүн жана колдоонун булагы боло бербейт. Кээде балдар ата-энесинен бирөөдөн укпаган эң жаман сөздөрдү угууга мажбур болушат. Ал саркзм же мазактоо дагы болушу мүмкүн. 

Ата-эненин мындай аракети, баланын өздүк баасын түшүрөт. Бала "менин колумдан эч нерсе келбейт, аракет кылбай эле койсом болот" деп ойлоп калат. 

Эң өкүнүчтүүсү бала келечекте аны дагы ата-энесиндей болуп басынткан адам менен турмуш куруп калышы мүмкүн.

Ата-энең басынтып жатса эмне кылуу керек?

- Өз чегиңди коргогонду унутпа. Сен мындай ачуу сөздөрдү угууга милдеттүү эмессиң. "Мага жагымсыз болуп жатат", "мен муну уккум келбейт" деген техниканы колдон. 

- Бөлмөдөн чыгып кет. Муну менен сен сөздү бүтүрөсүң. 

- Сени коргой ала турган чоң адам бар болсо, андан жардам сура. Мисалы, ал чоң энең, бир туугандарың болушу мүмкүн. 

- Эгер сенде күнөө сезими пайда болсо, сен ата-энеңе каршы чыкпаганыңды, тескеринче, өзүңдү коргоп жатканыңды унутпа. Ата-энең мында нерсеге жол берип жатканы үчүн өзүңдү күнөөлүү сезбе, сенин күнөөң жок. 

Пайдалуу кеңештер жакса жүрөкчө басканды унутпа!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт