// //

Апама пачка акча берсем, "мунуң менен бул 5 нерсени сата албайсың" деп ыргытты

2022.05.13, 11:33
13750

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен көөп кеттим. Көпкөндө дагы аябай көптүм. Мени акча бузду. Башыма келген дөөлөттү көтөрө албай калдым. Бир нерсеге жетпей жүрүп, анан жете баштасаң, мурда ээ боло албаган нерсеңдин баарын алганга аракет кылат экенсиң.

Айылга баргандан кача баштадым. Ал жакта жол жаман, машинам бузулат дедим. Ак көйнөгүм мал жыттанат дедим. Мен кафелерден эмес, ресторандардан тамак жейм дедим. Айтор, мени акча бузду.

Апам байкуш... Менин жүрүм-турумумду жактырбачу болду. Биринчи айлыгым 930 болчу. Ошону үйгө алып келсем, байкушум сүйүнүп, кошуналарга чейин айтып, күрүч алып, отко аш басып берди эле. Азыр андан миң эсе толтура акча берсем, баягыдай сүйүнбөйт. Пенсиясы жетерин айтып, албай дагы калды.

- Уулум, тиги досуң, Жумантай менен сүйлөшпөй калдыңбы?

- Жок, азыр менин чөйрөм башка. Ал айылдан чыкпаган бир байкуш...

- Кой балам, досту акчасына карап эмес, сага кылган сыйына карап тандайт. Ал экөөң чогуу мал кайтарып эле өспөдүңөрбү, бир тууганыңдай эле болуп калган балам... Сени сурап улам кабатыр болуп жатат...

- Ага мен эмес, акчам керек. Мына, могу акчаны берип коюңуз.

- Кой балам антпе, Жумантайдын көңүлүндө кири жок... Ай балам, ай, балам..

Айылга апама баргам. Чай ичип отуруп ушинтсе ызырынып чыгып кеттим. Шаарга, клубдарга, акчасы көп досторго жөнөдүм.

Мурда мындай сезим жок эле, менде жалгыздык пайда боло баштады. Ооба, толтура достор менен жүрөм, сулуу кызым бар, бирок мен көп жалгызсырачу болдум. Клубда жүрсөм, бийлеп жатсам деле, ичимде жалгыздык. Кыйнала баштадым. Мени менен эч кимдин иши жоктой. Иичмде эмне болуп жатат бирөөсү дагы сурабайт. Апамды сагындым. Айылга жөнөдүм.

Башым тизесинде. 

- Уулум, мен сени көп акча таппа дебейм. Тапсаң кайра жакшы, бирок сен акчага кул болуп баратасың. Адамгерчилигиңди жоготпо балам.  

- Кул дейсизби? Мына, могу акчага толтура нерсе, жок, бүт нерсени сатып алса болот. Караңчы, пачка акча, мына, алыңыз апа!

- Уулум, акчаңа тамак сатып аласың, бирок табитти эмес. Мыкты деген бейтапканаларды сатып аласың, бирок ден соолукту эмес. Көп адамдарды жаныңа чогулта аласың, бирок үй-бүлөңдү эмес. Дүйнөнүн сулуу кызына үйлөнө аласың, бирок сүйүүнү эмес. Алтындан саат сатып аласың, бирок убакытты эмес. 

Бир пачка акчаны ыргытып жиберди. Ошондо көзүм ачылды. 

Түн. Койлор маарап жатат. Ит үрүп жатат. 

- Ким бул?

- Жумантай мен... Акылсыз досуң келди...

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Атамдын ашында мал сойгон эмесмин, эми түшүмө кирип жатат. Эмне кылсам болот?

Бөлмөмө кирсем кайын энем себимди санап жатыптыр

Тико эмес Лексус алам десем, ата-энем көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү

Кыз төрөй бересиң деп таштап кеткен күйөөм таанылгыс болуп калыптыр

Кембагалдын кызы деп чанган келинимен кечирим сурайм

Тайкемдин жаназасында аялы менен уулдары эмес, ити ыйлады

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт