// //

Канча аракет кылсаң, ошончо аласың! Италияда окуган Мээрим Качкыновадан кеңеш

2022.05.08, 11:48
1861

Салам достор! Рим шаарында билим алып жаткан мекендешибиз Мээрим Качкынова түз эфирибизде конокто болуп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Эфирди толугу менен инстаграм баракчабыздан көрө аласыз. 

- Европага баруунун бир плюс жери, сен бир жолу виза алып коюп, көптөгөн мамлекеттерди көрө аласың. Анткени, Европа Биримдигине көп мамлекеттер кирет. 

- Мен Европада англисче сүйлөсөң болду, сени түшүнөт деп ойлогом. Бирок, өзгөчө Италиянын көп шаарларында англисче сүйлөшө беришпейт, сүйлөсө дагы аз сүйлөшөт. Окуум англисче, ал эми күнүмдүк турмушка италянча үйрөнүү керек болду. 

- Италияга окууга тапшырууда атайын агенттиктерге кайрылсаң оңой болот, бирок акчасы дагы ошончолук көп. Ал эми каржы жагынан бир аз кыйналсаңыз, англисчеңиз жардам берет. Өз алдынча эле тапшыра аласыз.

- Англисче үйрөнүңүз, эшиктердин баары ачылат. 

- Чыныгы Италия кичинекей шаарларында. Ал жакта атмосфера, тамак-аштары таптакыр башкача. Ал эми чоң шаарлары туристтерге ылайыкталып калган. 

- Чоң шаарларга чыгуудан коркуп жатсаңыз, ал жактан тааныштарды тапканга аракет кылыңыз. Социалдык тармактарда атайын группалар бар. Ал жерге жазып, сураштырып, ачык эле жардам сураңыз. Эч качан коркпоңуз!

- Чет өлкөгө чыгып жатканда, баарын жомоктой элестетип албаңыз. Күтүүлөрүңүз акталбай калышы мүмкүн. Кыйынчылыктар болот. Бул нерсеге даяр болуңуз. 

- Максат койсоңуз, эч качан коркпойсуз. Канча аракет кылсаң, ошончо аласың. 

- Эгер окууга агенттиктер аркылуу тапшырам десеңиз, анда сөзсүз ал ишенимдүүбү тактап чыгыңыз. 

- Эч качан жашым өтүп кетти дебеңиз. Каалооң бар болсо, эч качан кеч эмес.

- Чет өлкөгө барганда, баары эле сизди жылуу тосуп албайт. Көпчүлүккө ишене бербеңиз. Алдын ала маалыматтарды тактап, билип алыңыз. Сөзсүз план коюп алып келиңиз.

- Бирөөнүн каалоолорун эмес, өзүңүз каалаган нерсени орундатыңыз. Өзүң тандаган кесип менен алектенүү бакыт. Бул нерсени эч качан унутпаңыз.

- Кыялдангыла!

Бул жерден башка макалаларды окуй аласыз:

Коркуу пайдасыз, алып туруп жасап салгыла! Кореядагы Айдар Сатаровдон кеңеш

Ойлонуп отура бербей, алып туруп жасап салгыла! Кайрат Омурбек уулудан кеңеш

Суроо бергенден коркпош керек! Google’да иштеген Нурбек Акпаралиевден кеңеш

Математиканы билбей туруп программист боло аласың! Данияр Асановдон кеңеш

 

 

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт