// //

Эркектин бул 5 түрүнө күйөөгө тиерден мурун жакшылап ойлонуңуз

2022.02.10, 10:55
18214

Салам достор! Психолог Тамара Воронцова күйөөгө тиерде же турмушка чыккандан кийин деле, эркектин бул 5 түрү менен чогуу жашоодон мурун жакшылап ойлонуу керектигин айтты. 

Биз психологдор, эркектердердин бул 5 түрү менен мамиле курардан мурун жакшылап ойлонуп көрүүнү сунуштайбыз. Мисалы, турмушка чыгар алдында, чыккандан кийин же 10-15 жылдан соң деле байкап калсаңыз, анда терең ойлонуңуз. Албетте, чечимди өзүңүз гана чыгарасыз.

1. Аракеч

Эгер сиз муну турмушка чыкканга чейин билип калсаңыз, анда алыстаганыңыз эле туура. Мисалы, 3-4 күнгө жоголуп кетет, калп айтат, жашырынат. Бул белгилер бир көйгөй бар экенинен кабар берет. Ошондой эле, 10-15 жыл жашагандан кийин ичип баштады дейли. Бул жерде дагы аны менен өмүрүңүздү арнаганга даярсызбы, ойлонуңуз. Ооба, дарыланып, белгилүү убакытка чейин ичпей калышы мүмкүн. Бирок, ал жумушунан кичине кечигип калса эле тынчсыздана баштайсыз. Ар дайым чыңалуу, коркуу абалында жашагыңыз келеби? Ооба, ичимдикти таштап, туура жолго түшүп кеткендери жок эмес. Бирок алар аябай аз жана аны эркек өзү каалашы керек. Өзү каалабса, аны жылдап дарылоонун пайдасы жок.

2. Баңгилик

Айрым кыздар "а ооба, чегет, кээде колдонуп коет" деп кайдыгер кол шилтеп коюшат. Мунун аягы жакшылкка алып барбайт. Бир үй-бүлөнү билем. Аял, кызы жана күйөөсү. Күйөөсү баңгизатын колдоно баштайт. Ага кол көтөрүп, күн көрсөтпөй баштаса дагы чыдап келет. Эмне трагедия күтүп жатасыңбы деп сурасаң, "балким" деп жооп берет. Андыктан, силер жакшылап ойлонгула.

3. Кумар оюнчусу

Бизде казинолорду жаап, автоматтарды ойногонго тыюу салышты. Бирок, ошентсе дагы башка жолдору бар. Телефондор бар, акча коюп ойной турган башка оюндар бар дегендей. Адам кааласа, баары бир табат. Менин бир клиентим бар болчу. Анын күйөөсү 10 квартиранын акчасын ойноп утулуп, анысы аз келгенсип өздөрү жашап жаткан батирди дагы уттуруп жиберген. Ортодо үч баласы бар. Күйөөсүнө кабатыр болуп жүрүп аял аты жаман ооруга чалдыгып калды. Бул нерсенин кереги бар беле?

4. Жалкоо

Эгер эркек бир жерде иштеп, кайры чыгып үйдө жатып, кайра башка жакта кичине иштеп, ал жерден дагы чыгып диванда жата берсе, аны менен жашоо кереги барбы ойлонуңуз. Аялынын акчасына жашаган эркекти сүйрөп кереги барбы? Ал экинчи баладан айырмасы жок болот. Жалкоолор жөн гана жата бербестен ичип, эки жакка басат. Бул жерде эч кандай бактылуу турмуш болбойт.

5. Кызыл камчы

Бир жолу колун көтөргөндөн кийин эле жакшылап ойлонгула. Деги эле, кол көтөргөнгө чейин жеткирбеш керек. Көбүнчө аны ар кайсы шылтоолор менен жактап, мисалы, тестостерон, ачууга алдырды деп актап жүрө беребиз. Агрессивдүү болсо, бат-баттан кол көтөрсө мындай киши менен жашабаш керек. Акыр аягы, ден соолугуңуздан ажырайсыз, анан эч кимге кереги жок болуп каласыз.

Дагы бир жолу айтабыз, акыркы чечимди сиз гана кабыл аласыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт