// //

Эмне себептен жыныс мүчө сайышып, тартышып же ачышып ооруйт?

2022.02.06, 11:24
10414

Эмне себептен жыныс мүчө сайышып, тартышып же ачышып ооруйт экенин билгиңиз келеби? Анда эмесе, кеңири таралган 6 оорунун пайда болуу  себептерин урологдор түшүндүрүп берет. 

1. Эмне себептен калтанын үстү ооруйт?

Болот Рысбаев, уролог

Бул эпидидимис инфекциясы козгогон - эпидидимит оорусу болушу мүмкүн. 

Эркектин жумуртка безинин үстүндө кичинекей бир без болот. Аны “эпидидимис” деп коет. Эң сапаттуу уруктар ушул жерден чыгат. Эпидидимит – бул ошол бездин сезгениши. Убагында дарыласа, толугу менен сакайып кетет.

2. Эмне себептен жумурткалар ооруйт?

Нурбек Монолов, уролог

Жыныстык жумурткалардын оорусуна себептер көп. Мисалы, варикоцел, гидроцеле, орхит, эпидидимит, бруцеллез, шишик, өнөкөт жамбаш оорусу, кандайдыр бир жаракат жана ыңгайсыз шым же ич кийим. Сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүү зарыл.

3. Эмне себептен заара ушатып жатканда жыныс мүчөнүн учу ачышат?

Нурбек Монолов, уролог

Гигиенанын туура эмес сакталышынан улам заара чыгаруучу түтүккө инфекция кирип кетиши мүмкүн. Инфекция жыныстык кошулууда сактануу болбосо да жугат. Заара бөлүп чыгаруудагы ооруларды дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. Дарылоодо врач сунуш кылган режим жана диетанын мааниси чоң. Ошондой эле туубаса оорунун белгиси болушу да ыктымал. Ооруну күчөтпөй же өнөкөт түрүнө өткөрбөй дарыланууну сунуш кылынат.

Болот Рысбаев, уролог

Заара ушатканда ачышып кыйнаса - сийдик каналдарына, табарсыкка, простата безине суук тийген болушу мүмкүн. Бул учурда тезинен урологго көрүнүү сунушталат.

4. Эмне себептен жумуртка муздап, тартышып ооруйт?

Канат Казымбеков, уролог

Бул простатит оорусу. Белгилери - жумуртка бези тартышып ооруйт, муздайт, бат-баттан заара кылат, каналдын ичи ачышат же табарсыктын үстү, бел менен омурткалар ооруйт. Простатитти убагында дарылабаса жыныс алсыздыгына алып келет.

Нурлан Эгетаев, уролог

Жыныс мүчөнүн муздап калышы простатит оорусунун белгилери. Эгер бейтап мүчөсү муздап калганын байкаса, дароо дарыгерге кайрылуусу кажет.

5. Эмне себептен жыныс мүчөнүн тамырлары кеңейип, сыртка чыгып калат?

Мирлан Айбашов, уролог-андролог

Эркек жумурткаларынын кан тамырларынын кеңейип кетиши бул - варикоцеле оорусу.  Себептери абдан көп, бөйрөккө суук тийгенде, кисталар, шишиктер пайда болгондо жаралат. Варикоцелдин үч баскычы болот.

  1. Сыртынан караганда  байкалбайт.
  2. Эрекция учурунда гана билинет.
  3. Жөн турганда да, эрекция учурунда да билинет.

Айрым учурларда кан туруп калгандай болуп уюп ыңгайсыздык жаратат. Варикоцелден операция жолу менен гана арылууга болот. Убагында дарылабаса тукумсуздукка алып келет.

6. Эмне себептен жыныс мүчө сайышып ооруйт?

Азат Бейшенов, уролог

Бул жерден “Отургузулганбы?” деген суроо берилет.  Жооп “жок” болсо, демек, башкы себеп ошондо. Ырымдалбаган же жакшы ырымдатылбаган (жөн гана бычак тийгизип же тилип койгондо) эркек балдардын жыныстык мүчөсүнүн учуна смегма (туз) чогулуп калат. Ал заара ушатканга тоскоол болуп, оорутат жана ачыштырат. Убакыттын өтүшү менен катып, ташка айланат. Ал эми жооп "ооба" болсо, себеби башкада. Анализдин жыйынтыктары чыккандан кийин гана так диагноз коюлат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт