// //

Ымыркайдын көзүн, мурдун жана кулактарын кантип тазалоо керек?

2022.01.03, 12:54
2123

Балаңыздын көзү, мурду жана кулактары күн сайын кылдаттык менен кам көрүүгө муктаж.

Баланын көзүн, кулактарын жана мурдун тазалоо: негиздери

Бөбөктүн кулактарына, көздөрүнө жана мурдуна туура кам көрүү – күн сайын денеге жасалуучу гигиенанын ажырагыс бөлүгү. Сиз балаңызды жуунтуп жатканда көзүн, кулагын жана мурдун тазаласаңыз болот. Сизге жылуу суу гана керек. Самын колдонуудан алыс болуңуз, анткени балаңыздын териси сезимтал болгондуктан самын терини кургатып коюшу мүмкүн.

Баланын бетине кам көрүүдөгү негизги процедуралар

Баланын көзүнө, кулагына жана мурдуна кантип туура кам көрүү керек: 

  1. Кебез дисктерин алыңыз.
  2. Бир кебез дискин жылуу сууга чылап, кичине сыгыңыз.
  3. Алгач балаңыздын көзүнүн сырткы бурчтарынан ичин карай сүртүп, андан кийин экинчисине өтүңүз.
  4. Ар бир көзгө жаңы кебез дискинколдонуңуз.
  5. Мурундун тешиктерин стерилдүү вазелин майына чыланган эшилген кебездер менен тазалаңыз; оң жана сол мурун тешиктерин айландыруучу кыймылдар аркылуу кезеги менен тазалаңыз.
  6. Ар бир мурун тешигине жаңы эшилген кезбез колдонуңуз.
  7. Баланын таноолоруна кебез таякчаларын салбаңыз, бул мурундун былжырлуу челин жабыркатып жана канатышы мүмкүн.
  8. Балаңыздын кулагынын ар биринин артын жана кулагынын сырт тарабын тегерете сүртүңүз. Этият болуңуз, анын кулагынын ичине эч нерсе (анын ичинде кебез таякчаларын) салбаңыз, анткени ага оңой эле зыян келтирип коюшуңуз мүмкүн.
  9. Балаңыздын ээгинин астын жана моюнун кылдат сүртүңүз, теринин бүктөмдөрүнүн ортосун аарчыганыңызды текшериңиз.
  10. Жумшак сүлгү менен балаңыздын терисин акырын кургатыңыз. Теринин бүктөлгөн жерлерин жана анын кулагынын артын кургатканыңызды текшериңиз.

Ымыркайыңызга сиз анын бетин тазалоого аракет кылганыңыз жакпашы мүмкүн. Аны тынчтандыруу үчүн аны менен акырын сүйлөшсөңүз же ырдасаңыз болот.

Ымыркайлар ашыкча дүүлүккөндө же чарчаганда көп учурда бышылдайт. Алардын мурун көңдөйлөрү абдан кууш болгондугунан улам ушундай болот. Бул нормалдуу көрүнүш – мындай жол менен ал мурундун былжыр суюктуктарынан арылат.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ  иштеп чыккан бала тарбиялоого жардам берген Bebbo мобилдик тиркемесинен ата-эне көптөгөн маалыматтарды таба алат.

Bebbo тиркемесин Play Market же App Store жүктөп алыңыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт