// //

Төшүңүздүн үрпүнүн өңү өзгөрсө, дароо адиске кайрылыңыз! Маммолог кеңеш берет

2021.10.14, 16:43
6824

Эмчектин өсүшү - бул индивидуалдуу процесс. Андыктан "кыздардын төшү канча жаштан баштап чоңоет" деген суроого так жооп жок. Маммолог Аида Осомбаева бул тууралуу кененирээк айтып берет.

Кыздардын төшү канча жашынан баштап өсөт?

Кыздардын жыныстык жетилүүсү орто эсеп менен 7-8 жаштан башталат. Мисалы, сүт бездери өсө баштайт жана дененин айрым жерлеринде түктөр пайда болот. Бул белгилер айрым кыздарда 11-12 жашында байкалышы мүмкүн. Андыктан, “мени өсө элек” деп кабатыр болуунун кереги жок. Айтылуу процесс жүрүп баштаганда жакшылап байкоо жүргүзүп туруу сунушталат.

Эгер төштө без сыяктуу нерселер пайда болсо, ооруса же үрпүнүн өңү өзгөрсө, дароо адиске кайрылуу зарыл.

Сүт бездери бир калыпта өспөшү мүмкүнбү?

Ооба, мындай учурлар кездешет. 50% кыздарда алгач бир төшү өрчүйт, андан кийин экинчиси, башкача айтканда, сүт бездеринин өсүүсүндө ассиметрия байкалат. Бул учурда, адиске кайрылып шишик бар же жок экендигин билип коюу керек. Эгерде бардыгы жакшы болсо, анда норма болуп эсептелет. Ал эми көйгөйлөр байкалса, дарылоо курсу дайындалат.

Бюстгальтерди кантип туура тандоо керек?

Төш жаңыдан өсүп жатканда абдан аярлуу жана сезимтал болот. Мисалы, кокустан кимдир бирөө көкүрөгүнө катуу тийип алса же кыз өзү жыгылганда урулуп кетсе, анда сезгенүү пайда болушу мүмкүн. Кээде туура эмес тандалган ич кийимдер дагы чоң көйгөйлөрдү жаратат. Мисалы, бюстгальтердин “косточкасы” кысып оорутуну пайда кылат, кездемеси синтетика болуп аллегрияны козгойт дегендей. Кээ бир кыздар “төшүм чоң көрүнсүн” деп өлчөмү кичинекей бюстгальтерлерди алышат. Бул эч чоң жаңылыштык.

Туура тандалган бюстгальтер “косточкасы” жок, кездемеден тигилген, тыкыс эмес ыңгайлуу болот.

Төш эмне үчүн керек?

Сүт бездеринин негизги милдети – сүттү синтездеп бөлүп чыгаруу, тактап айтканда бала эмизүү. Ошондой эле, төштүн структурасы жана функциясы өзгөрүп турат, мисалы, этек кир циклинде, кош бойлуулукта, лактация мезгилинде а башка дегендей. Көкүрөк аялдар үчүн эстетикалык мааниге дагы ээ экенин унутпашыбыз керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт