// //

Бир байке "мени сүйбөсөң, сүйүүмдүн убалына каласың" дейт. Эмне кылсам болот?

2021.07.01, 11:58
2524

Саламатсызбы! Жашым 20да. ЖОЖдун биринде 4-курста окуйм. Менин көйгөйүм мындай. Кошуна айылдан бир байке 4 жылдан бери сүйлөшөлү деп жүрөт. Мен ага эң башында эле "менден үмүт кылбаңыз, менде эч кандай сезим жок, убакыт өткөрбөстөн башка кыз менен сүйлөшүп, үйлөнүңүз" дегем. Бирок ал эч сөз укпайт, "сени сүйөм", "сени мендей эч ким сүйө албайт", "ушинте берсең сүйүүмдүн убалына каласың", "мындай сүйүүгө зар болосуң" ж.б. дейт. Жакшы сөз менен дагы, сый менен дагы айттым, бирок ал жазып чалып тажата берет. Ооба, ал мени жакшы көрөт экен, бирок ал сүйөт экен деп, мен дагы аны сүйүшүм керек эмес да. Аны урушуп дагы айттым, бирок, билбейм, ошончо сөздөн кийин дагы жаза берет. Башка толтура кыздар бар экенин, алар менен сүйлөшөрүн, курсумду көтөрүп алганымды айтат. Анда макул деп сүйүнөм. Блокко салып, бүттү деп жүрсөм кайра эле 7-8 күндөн кийин эч нерсе болбогондой жаза берет. Айткан жаман сөздөрүн унутуп уялбай чала берет. Мындайча айтканда мен бул жигитти сүйө албайм. Мүнөзүбүз деле туура келбейт, тез эле урушуп кетебиз. Андан кантип кутулсам болот? Тажап кеттим. Анан дагы менин жигитим бар. Буйруса турмуш курабыз деген ниетибиз бар. Ал байке менин жигитим бар экенин дагы билет. Бирок менин тынчымды алганды койбой жатат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.07.2021, 12:02

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды жакшылап окуп чыктым. Жыйынтыгында бир канча суроолор пайда болду.

Биринчиден, аны блокко салгандан кийин сүйлөшүп, атүгүл урушуп жатканыңызды жазыпсыз. Ошондо, кайра ал жигит менен байланышка чыктыңызбы? Бул жерде карама-карышылыктар бар же өзүңүздү алдап жатасыз. Анын сизге мындай мамиле кылуусуна жол берип, жеке чектериңизди коргобой турасыз. Бул нерселер күмөн жаратпай койбойт. Блокко салгандан кийин кандай максат же ойлор менен кайра жооп берип жатасыз?

Экинчиден, жигитиңиз бар экенин айттыңыз. Эмне үчүн кайра ал адамга жооп бердиңиз? Эгер өзүңүз чекит кое албай жатсаңыз, эмнеге жакындарыңыздан жардам сураган жоксуз. Сизге чынында эле ыңгайсыздык жаратып, тынчыңызды алып жатса, эмнеге жакындарыңыздан жардам сураганга болбосун.

Аны менен сүйлөшүүнү каалабасаңыз эч кандай байланышка чыкпайт элеңиз. Ага жооп берүүңүз менен кайра анын жазышына жол берип жатасыз. Ооба, муну өзүңүз байкабашыңыз деле мүмкүн. Ошондуктан, сизге суроолор көп. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо, баарын аныктап алуу үчүн психологго кайрылууну сунуштайм.

Бактылуу болуңуз!

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт