// //

Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн 6 көнүгүү

2019.01.23, 10:33
11349

Салам достор! Офтальмолог Аида Аскеева көздүн көрүүсүн жакшыртуучу көнүгүүлөр жөнүндө айтып берет. 

1 – Көнүгүү. Жалюзи

Көзүңөрдү 2 мүнөт тез жана жеңил ирмегиле. 

Пайдасы: Көздүн кан айлануусун жакшыртат.

2 – көнүгүү. Терезеге кароо

Пластилинден кичинекей тегерекче жасап терезеге чаптагыла. Сыртта алыста турган бир обьекти тандап алгыла. Бир нече секунд алыстагы объекти карап, кайра чапталган тегерекчени карагыла. Башты кыймылдатууга болбойт. Көнүгүүнү 2 мүнөт жасагыла.

Пайдасы: Көз менен фокус алууну жакшыртат.

3 – көнүгүү. Чоң көздөр

Түз олтургула. Көзүңөрдү 5 секунд бекем кысып, кайра чоң ачкыла. 8-10 жолу кайталагыла.  

Пайдасы: Көздүн булчуңдарын чыңдоого жардам берет.

4 – көнүгүү. Укалоо

Көзүңөрдү жумгула. 3 манжаңар менен 1-2 секунд үстүнөн катуу эмес басып тургула. 3 ирет кайталагыла.

Пайдасы: Көз ичиндеги суюктуктун айлануусун жакшыртат.

5 – көнүгүү. Гидроукалоо

Күнүнө эки жолу, эртең менен, кечинде көзүңөрдү чайкагыла. Эртең менен – биринчи ысык суу (күйүп калбагыдай), андан кийин муздак суу менен. Жатаар алдында  – тескерисинче, биринчи муздак суу, анан ысык суу менен.

Пайдасы: Көздүн кан айлануусун жакшыртат.

6 – көнүгүү. Көз менен сүрөт тартуу

  • Өйдө-ылдый карагыла
  • Оңго-солго карагыла
  • Тегерек тарткыла
  • Диагонал тарткыла
  • Бат-баттан ирмегиле
  • Сөөмөйүңөргө фокус алгыла, аны жакындатып, кайра алыстаткыла.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт