// //

Өзүңдүн мамлекетиңдин президенти бол! Жаш ишкердин ийгилик сырлары

2019.01.17, 16:08
2822

Улан Саламатов, NANOSPACE жана "Вавилон" курулуш компаниясынын директору.

Бүгүнкү күндө Улан Кыргызстандын көрүнүктүү жаш бизнесмендеринин бири. Бул жерден анын ийгилик сырларын окуй аласың. 

  1. Бизнести түзүү, өзүнүн мыйзамдары жана эрежелери бар чакан мамлекет түзүүгө барабар. Өзүңдүн мамлекетиңдин президенти бол!
  2. Ааламды адамзаттын жыргалчылыгына кызмат кылуу үчүн баарын берүүгө даяр экениңе ынандырышың керек. Ошондо гана ал сага берет, а сен кайтарууга даяр бол.
  3. Ийгиликке жол - бул ыраазы болуу. Бир гана ыраазычылык кыйынчылыктарды бактылуу учурга айлантат. Ыраазы болсоң, ар дайым бактылуу жана ийгиликтүү болосуң.
  4. Өзүңө жаккан нерсе менен алектен, ошондо гана көрүнүктүү адамга айланып, кылган жумушуңду чын дилиң менен сүйүп, башкаларды бактылуу кыла аласың.
  5. Улуулук – бул кызмат кылуу. Кызматың бийиктеген сайын, улуулугуң да жогорулайт. Улуу адамдар көп адамдарды бактылуу кылуу үчүн чоң кызмат кылышкан.
  6. Фантазияңды өрчүт! Себеби фантазиялар самолетту, смартфонду, нанотехнологияны жасап, космоско учууга себепкер болду.
  7. Ичиңдеги кыялкечти өлтүрбө. Бардык белгилүү адамдар кыялдары жана максаттары менен жашашкан.
  8. Ишенимдүүлүк –  бекем пайдубал сыяктуу, ансыз үй куруу мүмкүн эмес. Пайдубалы начар үй кичине эле шамалдан кулап түшөт. Пайдубалың бекем болсун, өзүңө ишен!
  9. Алдыңа чоң максат кой, алыска ыргытылган таштын максатка жетүү мүмкүнчүлүгү жогору.
  10. Сенден күтүлгөн нерседен да көптү кылсаң өсөсүң.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт