// //

Кайнилерим “жеңе, чарчадыңыз, уктап алыңыз” деп колумду сууга тийгизишпейт

2020.11.21, 15:36
16907

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, өздүк булактардан алынды! 

Мен бактылуумун! Мен бактылуумун! Мен бактылуумун! Болгон күчүм менен бакыргым келет. Ооба, мактанып жатам. Элдин билишин каалап жатам. Айтсаңар, эмнеге мен бактылуу экенимден уялышым керек? Эмнеге көз тиет деп жашырышым керек? Ылайым менин бактым ар бирөөңө жуксун.

Кайын энем менен кайын атам мыкты адамдар экен. Төрт уулуна берген тарбиялары бул нерсени айгинейлеп турат. Ушундай сонун жигиттер. Биринен өтүп бири акылдуу. Өздөрүн алып жүргөнүн карасаңар суктанасыңар. Болочок абысындарыма “повезло” (күлүп) .

- Жеңе келиңиз мен жууй салайын.

- А мен үйдү шыпырып чыгайын.

- Мен кошунага казандарын жеткирип берейин.

Жаңы келин болуп келген күнүм. Конокторду узатып бүтүп, жоолукту бекем байлап, фартугумду кийип, түнгө чейин иш кылууга даярданып чыктым. Бир маалда эле үч кайним чуркап келе калып жардамдашып киришти. Күйөөм дагы аларга кошулуп алган. Кайын энем “кызым, сен барып эс ала гой, эртеден бери чай куюп жүрдүң, балдар өздөрү эле бүтүрүп коет”,- деди.  Апээй, ушундай дагы болмок беле деп таң калып туруп калдым. 

Үйдүн биринчи жана улуу келинимин. Күйөөм үч иним бар десе, артыларынан жыйнап убара болом го деп ойлогом. Кайра тескерисинче, алар артымын жыйнап жүрүшөт. Картошка аарчысам кабыгын төгүп келип, эт туурасам сөөгүн сындырым берип, кир жуусам чайкашып, “жеңе жардам керекпи” дешип айланамда жүрүшөт. Эң башкысы, ата-энесине кылган сыйын көрсөңөр таң каласыңар.

Кыздуу болгондон кийин мени кызыма кошуп ого бетер эркелетип калышты.

Кайын атам менен кайын энем, “эмизип эле берип кой, биз эле карайбыз” дешсе, кайнилерим “жеңе чарчадыңыз, уктап алыңыз” дешип кызымды ойноткону сыртка алып чыгып кетишет. Күйөөм болсо  “оор көтөрбө, сууга колуңду салба” ,-деп артыман карап турат.

Ушундай адамдарга туш болгонума ыраазымын. Албетте, көөп кетпей, алардын сыйын татыктуу көтөргөнгө аракет кылам. Алар мени сыйлаган сайын, мен аларды эки эсе сыйлайм. Баарыңарга айтарым, жакшылыкка ишенгиле, сөзсүз жолугасыңар.

Баса, бир кайним силерди окуйт. Учурдан пайланып, аларга рахматымды айтып коюн. Жаку, Беку, Куту , жеңеңер силерди аябай жакшы көрөт жана силер менен сыймыктанат.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
26.11.2020, 21:27

Саламатсыздарбы, билгендер болсо жооп берип коюунуздарчы?!

Мен аттестатымды жоготуп алдым эле, азыр керек болуп жатат, кайра аны кантип алсам болот? Деги эле алууга мумкунбу?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт