// //

Узак өмүр сүрүп, дени сак балалуу боло алабыз. ВИЧ статусу бар адам менен маек

2020.09.15, 17:46
2907

Көпчүлүк ВИЧ инфекциясын өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу оору деп эсептешет. Бирок, бүгүнкү күндө ВИЧ – дарыларды өз убагында ичип турууну талап кылган жөн гана өнөкөт илдет.

Bilesinbi.kg көп жылдан бери ВИЧ менен жашап жүргөн адам менен маектешти. Евгений Юлдашевдин жигердүү коомдук жашоосу, сүйүктүү жубайы, жумушу, достору жана келечекке коюлган көптөгөн пландары бар. Жаңы статусуңду кантип кабыл алып, күчтү кайдан табууга болот? Бул тууралуу төмөндөгү видеодон көрө аласыз.

Кабыл алуу оор болот. Жашоо бүттү деп ойлойсуң. Бирок, бир канча убакыттан кийин, өлгүң келбейт, жашагың келе турганын түшүнөсүң.

Биз башкалар сыяктуу эле узак өмүр сүрөбүз, жакын адамыбыз менен жыныстык катнашка бара алабыз, АРВ-препараттарды ичүү менен дени сак балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнө ээбиз. Эми айткылачы, ВИЧ статусу жок адамдардан эмнебиз менен айырмаланабыз?

Баарына жагуу мүмкүн эмес! Башкалардын сиз тууралуу эмне деп ойлоп жатканы жөнүндө эмес, өз жашооңор тууралуу ойлонгула!

Статустан, бар болгон нерседен коркунун мааниси жок. Жөн гана кабыл алып, жашоону уланткыла! Алдыга умтулуп, жеңиштерге жеткиле. Дүйнө кыдыргыла.

Болгону ойлоруңар гана силерди токтотуп турат. Алдыга кадам таштасыңар, жеңил болот. Жашоо сонун экенин ошондо билесиңер.  

Бул жерден ВИЧ тууралуу башка макалаларды окусаңыз болот:

АИВ тууралуу мифтер. Бул тууралуу ар бир адам билүүгө милдеттүү 

ВИЧ тестин кайсы жерден, канча сомго тапшырса болот?

АИВ тестин тапшыруунун кандай зарылчылыгы бар? 6 орчундуу себеп

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт